Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » 2022-жылдын 15-мартында Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү.

2022-жылдын 15-мартында Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү.

15 март 2022, Вторник
724
0

           2022-жылдын 15-мартында Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча  туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү. 

Бул отурумду комиссиянын төрагасы Усонов Бексултан Нурланович жетектеп, шаарыбызда укук коргоо органдары тактап айтканда  Ош шаары жана Ош облусу боюнча коопсуздук комитетинин терроризмге каршы бөлүмү, Ош шаардык ички иштер бармалыгынын 10-бөлүмү, дин иштери боюнча мамлекеттик комисисиясынын түштүк аймактык бөлүмү жана башкалар катышышты.

            Комиссиянын күн тартибинде, мамлекетибизде көйгөй жаратып келген  “Ош шаарында  экстремисттик-террористтик  көз караштагы кыймылдар жана диний агымдар тарабынан кылмыштуулукту болтурбоо боюнча жүргүзүлүп жаткан профилактикалык иштер  жөнүндө” маселе каралды. 

Жогоруда аты аталган атайын кызматтын өкүлдөрүнүн өз тармактарында жүргүзүлүп жаткан профилактикалык иштери боюнча баяндама беришти. Эл өкүлдөрү тарабынан суроо-жооп иретинде талкууланып, маселе Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясына кароо үчүн сунушталган чечим кабыл алынды.  

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)