Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү.

Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү.

16 март 2022, Среда
628
0

Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү.

2022-жылдын 16-март күнү Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы 2 маселени карашты. 

Ош  шаардык муниципалдык автотранспорт мекемесинин, Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин аткарган иштери жөнүндө маалыматтарын угуу жана ар түрдүү маселелер. 

Шаардагы автотранспорт маселесиндеги көйгөйлөр, алдыга коюлган иш-пландар боюнча мекеме-ишканалардын жетекчилери маалыматтарын беришип, маалыматтары депутаттар тарабынан эске алынды.

 Депутаттар жергиликтүү бюджеттен каралып, берилип жаткан акча каражаттарынын максаттуу пайдалануусу боюнча мекеме-ишканалардын жетекчилери менен талкуулашып, суроолор жана сунуштар берилди. 

Туруктуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү 2022-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен кайрадан отурумга чогулуп шаардагы мекеме-ишканалардын аткарып жаткан иштери боюнча маселелерди кароону Ош шаарынын мэриясына сунушташты. 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)