Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдырахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу Академиясы жана Германия мамлекетинин Ханнс Зайдель фондунун жетекчилери жана Академиянын бүтүрүүчүлөрү менен жолугушту

Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдырахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу Академиясы жана Германия мамлекетинин Ханнс Зайдель фондунун жетекчилери жана Академиянын бүтүрүүчүлөрү менен жолугушту

25 март 2022, Пятница
581
0

Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдырахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу Академиясы жана Германия мамлекетинин Ханнс  Зайдель фондунун жетекчилери жана Академиянын бүтүрүүчүлөрү менен жолугушту

Бүгүн,  2022-жылдын 25-март күнү Ош шаардык Кеңешинин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдырахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу Академиясы жана Германия мамлекетинин Ханнс  Зайдель фондунун Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган “Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу” багытындагы магистрдик окуу программасын аяктаган бүтүрүүчүлөр менен биргеликте жолугушуу болду. 

Жолугушууга  Ош шаардык Кеңешинин төрагасы С.Назылбеков, Ош шаардык Кеңешинин депутаты, академиянын бүтүрүүчүсү Алмазбек кызы Назима, Ош шаарынын вице-мэри С.Джунусбаев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдырахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу Академиясынын өкүлү Т.Жапаров,  Ханнс Зайдель фондунун Борбордук Азиядагы жетекчиси Макс Георг Майер, Улуттук координациялык Кеңешинин төрайымы Ч.Жеңишова жана академиянын   Кыргызстандын жети областынан келген бүтүрүүчүлөрү менен кызыктуу баарлашуу болду.

Ош шаардык Кеңешинин төрагасы С.Назылбеков академиянын бүтүрүүчүлөрүнө ийгилик каалап сөз сүйлөдү.

Жыйынтыгында мындан ары да биргелешип мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерледин билим деңгээлин жогорулатуудагы ийгиликтер жаратыла берилишин белгилешти.


Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)