Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Туткан Орозоңуздар кабыл болсун!

Туткан Орозоңуздар кабыл болсун!

02 апрель 2022, Суббота
1 408
0

Урматтуу Ордолуу Ош шаарынын тургундары!

Кадырлуу мусулмандар!

Сиздерди Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан Орозо айынын башталышы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Орозо айы мусулман дүйнөсүндө эң Ыйык ай катары эсептелип келет. Рамазан күндөрү ар бир инсан өз алдынча ыклас кылып, өзүнө, үй-бүлөөсүнө, жакындарына жакшылыктарды ыроолоп, аруу тилектерди ниет кылат.

 Бул айдын Ыйыктыгы ыймандын тазалыгына умтулуусунда. 

Орозо айы адамдагы эң бийик сапатты сактап калууга тилек кылып, келечектен жакшы үмүттөрдү самап, элди биримдикке, ынтымактуулукка, кечиримдүүлүккө, урматтоого жана сыйлоого чакыруу экендиги белгилүү.

Рамазан эзелтен ата-бабабыз ыйык тукан ай. Бүгүнкү күндө да бул улуу ай, өзүнүн нукура маанисин жоготкон жок. 

Мына ушул улуу айда жалпы мусулмандарды ыйык Орозо айы менен куттуктап, элибизге таза пейил, ак-ниет, ынтымак-ырашкерликти каалайм.

Туткан Орозоңуздар кабыл болсун!

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)