Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында Кыргызстан Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын жаштарынын арасында форум өткөрүлүүдө.

Ош шаарында Кыргызстан Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын жаштарынын арасында форум өткөрүлүүдө.

08 апрель 2022, Пятница
7 502
0

Ош шаарында Кыргызстан Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын жаштарынын арасында форум өткөрүлүүдө.


Бүгүн, Ош шаардык Кеңешинде Кыргызстан менен Өзбекстандын жаштарынын арасында  “Жаштар тынчтык жана өнүгүү жолунда” аталышындагы үч күндүк форумдун Ош шаарындагы жаштар комитетинин ишмердүүлүгүн тааныштыруу максатында жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга  Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ш.Нуранов катышты. Жолугушууда Шайырбек Шермаматович, эгемендүүлүккө жетишкен жылдардан бери эки мамлекеттин ортосундагы саясий-экономикалык, маданий байланыштарга кеңири жол ачылып, эки өлкөнүн жаштары биригип, ынтымактын, тынчтыктын алдында элибизге пайдалуу иш аракеттерди жасап жаткандыгын баса белгиледи. Эки мамлекеттин жаштарынын башын бириктирген  форумга ак жол каалап,   мамлекетибизде ар дайым тынчтык, ынтымак, биримдик өкүм сүрүп,   жаштарыбыздын биримдиги, достугу түбөлүктүү болуусуна тилектештигин билдирди.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)