Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Урматтуу шаарыбыздын тургундары! Ардактуу азиз момун мусулмандар!

Урматтуу шаарыбыздын тургундары! Ардактуу азиз момун мусулмандар!

02 май 2022, Понедельник
662
0

Урматтуу шаарыбыздын тургундары!

Ардактуу азиз момун мусулмандар!


Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан баарыңыздарды Орозо-Айт майрамы менен куттуктайм!

            Дилибизге ыйман, жүрөгүбүзгө жылуулук берип, ырайымдуулуктун нуру толуп турган куттуу күндөрдү башыбыздан өткөрүп, мусулмандардын негизги беш парзынын бирин аткарып, жакшы тилек, максаттар менен отуз күндүк Орозо туттук.

Айлардын султаны болгон Рамазан айында чын дилден ниет кылып Орозо тутуп, анын жол жоболоруна толук баш ийип, ибадат кылып, руханий жактан тазаланып, чоң соопчулук иштерди аткарууга жетишүүгө аракет кылдык.

Бул күндөрү көзү өтүп кеткен мусулман бир туугандарыбызга, алардын арбагына арнап куран түшүрүп, элибиздин биримдиги менен бүтүндүгүн, ынтымак менен тынчтыкты, аруу тилектерди, ойлогон асыл максаттарды Жараткандан тиледик.

Орозо бүткөн күнү элибизге кубаныч тартуулаган улуу Айт майрамы куттуу жергебизге жакшылык алып келсин. Ылайым жаман сөздөн, суук көздөн, жаман илдеттерден, көңүл кирдеткен жаман окуялардан алыс бололу.

Ылайым баарыбыздын каалоолорубузду Алла-таалам кабыл кылсын. Ар бир үйдө ынтымак, ырыскы кетпесин, жергебизде тынчтык менен бейпилдик, ынтымак орноп, өсүп-өнүгүү болсун.

Туткан орозоңуздар, окуган намазыңыздар кабыл болсун, сообу тийсин.


Айтыңыздар маарек болсун урматтуу момун-мусулмандар!

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)