Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү

25 ноябрь 2022, Пятница
506
0

    Бүгүн, 25-ноябрь күнү Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болду.

    Отурумду туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Э.Арзиев алып барды.

   Күн тартиби бекитилген соң күн тартибиндеги Ош шаарынын мэриясынын Ош шаарынын 2022-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду бекитүү жөнүндөгү каты каралды. Аталган маселе эл өкүлдөрү тарабынан кызуу талкууланып, Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясынын кароосуна сунушталды. Ошондой эле, күн тартибиндеги жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү маселе да каралып, отурумдун чечиминин негизинде сессиянын кароосуна сунушталды. 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)