Жалал-Абад шаардык Кеңешинин эл өкүлдөрү Ош шаарында
2022-жылдын 13-май күнү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү шаардык кеңештеринин депутаттарынын тажрыйба алмашуу боюнча Жалал-Абад шаардык Кеңешинин депутаттары Ош шаардык Кеңешине келишти. Шаардык Кеңештин төрагасы С.Назылбеков, депутаттар келген конокторду тосуп алышып, расмий жолугушууда шаардык Кеңештин ишмердүүлүгү менен тааныштырды. Атайын программага ылайык, келген коноктор Сулайман-Тоо этнографиялык-тарыхый музейине жана Ош шаарынын сыймыгы болгон Сулайман-Тоого зыярат жасашты. Соңунда Ош шаарындагы “Газпром-Кыргызстан” спорт залында Ош шаардык Кеңешинин жана Жалал-Абад шаардык Кеңешинин эл өкүлдөрүнүн ортосунда кичи футбол боюнча жолдоштук беттешүү болуп өттү.
![](/uploads/posts/2022-05/medium/1652525861_084a7200.jpg)
![](/uploads/posts/2022-05/medium/1652525838_084a7332.jpg)
![](/uploads/posts/2022-05/medium/1652525911_084a7464.jpg)
![](/uploads/posts/2022-05/medium/1652525936_084a7554.jpg)
![](/uploads/posts/2022-05/medium/1652525977_084a7822.jpg)
Талкуулоо
Окшош жаңылыктар:
Пикирлер (0)