Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди

Ош шаарында Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди

01 декабрь 2022, Четверг
415
0

    2022-жылдын 1-декабрында Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, шаардык Кеңештин депутаты Болотбек Баетовдор “З-декабрь Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын эл аралык күнүнө карата  Ош шаарындагы №12 көмөкчү мектебине барышып, көмөкчү мектепте билим алып  тарбияланып жаткан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тарабынан  өткөрүлүп жаткан иш чарага катышып, балдардын өзгөчө талантарына күбө болушту. 

     Салман Сатыгулович өз сөзүндө мамлекетибиз тарабынан ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбызга жакындан кам көрүү максатында атайын мыйзамдар, программалар жана мамлекеттик талап-нормалар иштелип чыккандыгын, мамлекеттик деңгээлде 3-декабрь ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын Эл аралык күнү деп белгиленип келгени менен биз бул күнү гана бул жарандарыбызга  көңүл   бурбастан  такай көзөмөлгө алып жардам берип туруубуз зарыл деп баса белгиледи. №12 көмөкчү мектебинин эмгек жамаатынын иштерине ийгилик каалап, материалдык жардам, белектерин тапшырды.  

     Андан кийин шаардык Кеңештин депутаттары социалдык колдоого муктаж   1-топтогу ДМЧ жаран Болотбек уулу Ашымдын үйүнө барып кабар алышып, материалдык жардамдарды беришти.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)