Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Урматтуу келечек ээлери! Кымбаттуу балдар!

Урматтуу келечек ээлери! Кымбаттуу балдар!

01 июнь 2022, Среда
662
0


         Бүт дүйнө жүзү, ар түрдүү муундагы адамдар -  Эл аралык балдарды коргоо күнүн жан дүйнөсү, мээрими жана жакшы ниет менен тосушат. Анткени бул жашоодо балдардан маанилүү жана жоопкерчиликтүү эч нерсе жок.

         Баланын эң жакшы жашоо кызыкчылыктарын камсыз кылуу принцибин, балалык – бүткүл коомдун камкордугуна алынышын жана мыйзам менен артыкчылыктуу корголушун мамлекет камсыз кылат.

         Биздин жаш мекендештерибиз, бүгүнкү ажайып майрамыңыздар менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан чын жүрөктөн куттуктаймын. Сиздерге бактылуу балалыкты каалаймын.

         Бизде балдарыбызды коргоо, тарбиялоо, кырсык жана кайгыдан алыс кылып, тынч жана байгер жашоону камсыз кылуу, балдар үйлөрү жана баланы багып алган үй-бүлөөлөр, өэгөчө талабы бар балдарды окутуу, аларга толук билим берүүнү камсыз кылуу, жаш балдардын эмгегин пайдалануу, аларды криминал чөйрөсүнөн сактап калуу сыяктуу көп маселелер бар. Бирок мамлекет жана коом тарабынан жаш муунга болгон коркунучтарды түшүнүү жетиштүү болгону балдарды коргоо боюнча орчундуу милдеттердин көбү ийгиликтүү чечилет деген ишенимди пайда кылат.

Биздин милдетибиз – ар бир баланы коргоо жана анын талантын ачып, тилеген тилегине жетүүсүнө көмөктөшүү болуп саналат.

 “Бала күлкүгө тойбойт” деген биздин элибиздин накыл сөзүн дайыма эстен чыгарбасак. Биздин балдар бактылуу болуп бажырайып күлө берсин, бизге оптимизм тартууласын, биздин мээримибизден алардын жан дүйнөсүнө жылуулук жетип, маанайлары жаркын болсун.

Кымбаттуу балдар!

Ар бириңерге баардык иштин алдыңкылары болууну, чынчыл жана калыс, акылдуу жана эр жүрөк болууңарды, улууларды урматтап жана жакын туугандарга жакшы мамиле жасап, көп улуттуу калкыбыз, анын тарыхы менен сыймыктанып, биздин жалпы мекенибиз Кыргызстанды көздүн карегиндей сакташыңарды чын дилимден каалаймын.

         Чың ден соолук, бакубат турмуш каалаймын. Тилеген тилегиңерге жеткиле!


Майрамыңар менен! 




Ош шаардык 

Кеңешинин төрагасы                                                                  С.Назылбеков

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)