Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен жолугушуусу уланууда

Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен жолугушуусу уланууда

05 декабрь 2022, Понедельник
379
0

    Бүгүн, 5-декабрда Ош шаардык Кеңешинин депутаттары бекитилген графикке ылайык, №1 “Туран” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту. 

    Жолугушууда эл өкүлдөрү өздөрүнүн аткарган иштери боюнча отчёт беришип, “Туран” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочуларынын көйгөйлөрүн жана сунуштарын угушуп, суроолорго жооп беришти. Жолугушууга Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

     Шаар тургундарынан суу, тазалык, свет, жол тыгындары, курулуштар, жылуулук жана кооперативтер жөнүндө ар тараптуу көйгөйлөр айтылып, алар боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жеринде жооп беришти. 

     Ошондой эле, 2023-жылы аткарылуучу иш-планга киргизе турган бир канча орчурдуу маселелер кат жүзүндө берилди.


Белгилей кетсек, кийинки жолугушуу 2022-жылдын 6-декабрында №2 “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгында  саат 14:00дө өтөт.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)