Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү

Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү

02 июнь 2022, Четверг
582
0


2022-жылдын 2-июнунда Ош шаардык Кеңешинин V чакырылышынын архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму  болуп   өттү. Отурумга туруктуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү   Бакир уулу Ш., Кадырбек кызы Н., Айтбаев А., Зайнидинов А.Т.,Шайиев К.И. катышты.

Күн тартибине киргизилген алты маселенин ичинен «Ош шаардык жолдор»  муниципалдык ишканасы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндөгү” маселе шаардык Кеңештин сессиясына сунушталды. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан өрт кырсыктарынын алдын алуу багытында аткарып жаткан иштери, Ош шаардык Кеңешинин токтомдорунун аткарылышы жөнүндөгү маселер канааттандырарлык деп табылды.

            Ал эми “Сырткы видеобайкоо тутуму орнотулуучу Ош шаарынын аймагында жайгашкан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин обьекттеринин тизмесин бекитүү жөнүндөгү”, “Ош шаарында үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн жана эскерүү үрп-адаттарын өтөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобо” жөнүндөгү маселелер баяндамачылардын отурумга келбегендигине байланыштуу кароосуз калтырылды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)