Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата куттуктоо сөзү

Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата куттуктоо сөзү

08 декабрь 2022, Четверг
347
0

Урматтуу телерадио кызматкерлери!


Сиздерди кесиптик майрамыңыздар-Кыргыз Республикасынын Телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин күнү менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан чын дилимден куттуктайм.

1958-жылдын 8-декабры Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн тарыхында алгачкы телеберүү обого чыккан күн. Ошол күндөн тартып телекөрсөтүү жана радио күндөлүк турмушубузда маанилүү орунду ээлейт демекчимин.

Телекөрсөтүү жана радио кызматкерлери мамлекетибиздеги жана дүйнө элдеринин  турмушунда болуп жаткан окуяларды коомчулукка чагылдырууну татыктуу аркалап келе жатышат.

Технологиялардын өнүккөн учурунда жашообузду маалыматсыз элестетүү мүмкүн эмес.

         Элибизди ынтымакка, биримдикке үндөп, ынанымдуу маалыматтарды ыкчам жеткирүүдө сиздердин эмгегиңиздер зор.

Мамлекетибиздин туура багытта өнүгүүгө жол алышында коомду калыс маалымат менен камсыздоо, келечек муундардын аң-сезимине, дилине руханий баалуулуктарды терең сиңирүү башкы максат. Мына ушул милдетти  ишке ашыруу сиздердин чыгармачылык дараметиңиздерден түздөн-түз көз каранды.

Кесипкөйлүк, жаратмандык ишиңиздер мамлекетибиздин анын ичинде көп улуттуу Ош шаарыбыздын стабилдүүлүгүнө, өсүп-өнүгүүсүнө чоң салым кошот деп ишенем.

Түйшүктүү, ары татаал ишиңиздерге чыгармачыл ийгиликтерди, заман талап кылган жаңыча көз караштарды, талбай изденүүлөрдү каалайм.

Сиздерге бекем ден соолукту, үй-бүлөлүк бакытты, бакубат турмушту каалайбыз.

Майрамыңыздар менен!

Салман Назылбеков, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)