Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди.

23 июнь 2022, Четверг
794
0

Бүгүн, Ош шаарында Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик майрамы салтанаттуу белгиленди.

Салтанатка Ош шаарындагы бир топ мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер катышып, кесиптик майрамга карата Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат  чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга,   Ош шаарынын ар тараптуу өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн ар кандай даражадагы сыйлыктар менен сыйланышты.

Салтанаттын жүрүшүндө Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов сөз сүйлөп, сөзүндө муниципалдык кызматкерлердин жасап жаткан иш аракеттеринин маанилүүлүгүн белгилөө менен жыйындын катышуучуларын куттуктады жана бир катар сыйлыктарды тапшырды.

            Белгилей кетсек, ошол сапта көп жылдан бери ак ниеттүүлүк менен үзүрлүү эмгектенип, Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн  шаардык Кеңештин каржы, экономиканы өнүктүрүү жана шаардык чарба бөлүмүнүн башкы адиси Наримбетов Замирбек Заттарбекович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Ардак грамотасы менен сыйланууга жана ошол эле бөлүмдүн жетектөөчү адиси Джудашева Нурият Кадыровна  «Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын отличниги» төш белгисине татыктуу болушту.

            Майрамдык салтанат концерттик программа менен коштолду.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)