Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин депутаттары Ташкент шаарына иш сапары менен барышты

Ош шаардык Кеңешинин депутаттары Ташкент шаарына иш сапары менен барышты

24 июнь 2022, Пятница
692
0

Ушул жылдын 22-24-июнь күндөрү Ош шаардык Кеңешинин депутаттары Ташкент шаарына кызматташтыкты бекемдөө жана тажрыйба алмашуу максатында расмий иш сапары менен барышты.  Делегациянын курамында Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, депутаттар Замирбек Толубаев, Медербек Мырзабеков жана мекеме ишканалардын жетекчилери барышты. 

Иш сапардын алкагында Ташкент шаарынын мэри Жахонгир Артикходжаев менен жолугушуу болду. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде социалдык-экономикалык, шаар куруу жана турак жай-коммуналдык чарба тармагында тажрыйба алмашууну талкуулашты. Андан соң Ташкент шаарынын мэри Ош шаарынын делегациясын Ташкент шаарынын санариптик башкаруу боюнча кырдаалдык борборунун иши жана коммуналдык кызматтарды санариптештирүү жаатындагы алдыңкы технологиялар, заманбап өнөр-жай өндүрүшү менен тааныштырды. Ошондой эле жаштардын музыкага, адабиятка жана башка искусствого болгон кызыгуусун арттырууга багытталган жаңы заманбап “Янги Өзбекстан” сейил багынын инфраструктурасын көрүштү.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)