Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбековдун Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата куттуктоосу

Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбековдун Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата куттуктоосу

01 июль 2022, Пятница
635
0



Урматтуу саламаттык сактоо кызматкерлери жана 

ардактуу кесиптин ардагерлери!


Сиздерди медицина кызматкерлеринин күнү менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан кызуу куттуктайм!

Жан сакчысы болгон ак халатчан, дили ак дарыгерлерибиз качан, кандай учурда болбосун ооруга арачы түшүп, элибиздин өмүрүн узартып келишет. Сиздер муктаж болуп жаткандарга жардам берүү менен, оор учурларда адамдарга зор үмүт жана ишеним жаратып, дайыма жардамга келесиздер.

Азыркы мезгилде дүйнөдө болуп жаткан ар кандай жаман оору менен күрөшүүдө, элдин саламаттыгын сактап калууда эбегейсиз эмгекти аткарып жатасыздар.

Андыктан, баарыбыз Сиздердин элибиз үчүн күнү-түнү жасап жаткан ак ниет жана асыл эмгегиңиздерди эске алуу менен башыбызды ийип таазим этебиз.

Эли-журтубуздун саламаттыгын сактоо майданында бекем туруп, дайыма жардам берүүгө даяр турган ак халатчандарга элибиз ишенет, таянат жана ардактап сыйлайт, урматтайт.

Мамлекетибиздин, Ош шаарыбыздын өнүгүшү, элибиздин бардар турмушка жетишүүсүндө сиздердин бараандуу салымыңыздар бар экендигин баса белгилеп, ыраазылык билдиргим келет. Анткени, дени сак коомдо гана үзүрлүү ийгиликтер жаралат, эли сергек, куунак жашоо кечирет.

Демек, сиздер жооптуу милдетиңиздерди бекем сактоо менен, мындан ары да жакшы саамалыктардын ээси болосуздар деген терең ишеничтемин.


Урматтуу медицина кызматкерлери!


Сиздер элдин ден соолугуна кам көрүп келе жатасыздар, бүгүн ошол бекем ден соолукту, жашоодо жакшы маанай, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана берекелүү турмуш каалайм.

Өмүр жыргалчылыгын арыбас мээнети менен жараткан медицина кызматкерлерибизди дагы бир жолу кесиптик майрамы менен куттуктайм. Бар болуңуздар.


Терең урматтоо менен,



Ош шаардык Кеңешинин 

төрагасы                                                                                         С.Назылбеков

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)