Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында медицина кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди

Ош шаарында медицина кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди

01 июль 2022, Пятница
605
0

Ош шаарында медицина кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди

Бүгүн, С.Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрында Кыргыз Республикасынын Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, шаардагы медицина ардагерлери жана кызматкерлери катышышты. 

Төрага С.Назылбеков ардактуу  кесип ээлерин Ош шаардык Кеңешинин депуттарынын атынан куттуктап, көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана калктын ден-соолугун бекемдөөгө кошкон салымдары, өз кесибин татыктуу аркалоодогу алгылыктуу иш-аракеттери жана шаарыбыздын саламаттыкты сактоо тармагына кошкон зор салымдары үчүн, алдыңкы медицина кызматкерлерине Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталарын тапшырды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)