Шаардык Кеңештин депутаттары №6 “Курманжан-Датка” муниципалдык аймактык башкармалыгында болуп жаткан иштер менен таанышып келишти
Бүгүн, Ош шаардык Кеңешинин эл өкүлдөру Медербек Мырзабеков, Болотбек Баетов, Шахназар Бакир уулу, Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов жана тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте №6 “Курманжан-Датка” муниципалдык аймактык башкармалыгынын ички жолдорун кеңейтүү, тротуарлардын оңдоп түзөөдөн өтүп жатканы жана “Балажан” балдар бакчасында салынып жаткан жаңы кошумча имараты менен жеринде таанышып келишти.
Жерине чыгып таанышуунун жыйынтыгында тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине аткарылып жаткан иштердин сапаттуулугна көңүл бурууну жана башка бир топ тапшырмалар берилди.
Талкуулоо
Окшош жаңылыктар:
Пикирлер (0)