Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Ош шаардык Кеңешинин депутаттары Ош шаарындагы саламаттыкты сактоо мекемелери менен таанышып чыгышты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Ош шаардык Кеңешинин депутаттары Ош шаарындагы саламаттыкты сактоо мекемелери менен таанышып чыгышты.

12 июль 2022, Вторник
894
0

     2022-жылдын 12-июль күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Маткеримов, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы С.Назылбеков, туруктуу депутаттык комиссиялардын төрагалары Б.Баетов, Бакир уулу Шахназар, комиссия мүчөлөрү Г.Кулдышева, А.Раимбердиева, Ош шаарынын вице-мэри В.Рыскуловалар Ош шаарындагы саламаттыкты сактоо мекемелери менен жеринде барып таанышты.

Ош шаары жана Ош облусу боюнча саламаттыкты сактоо боюнча координатору Ш.Абдурахманов Ош шаардык клиникалык ооруканасынын, шаардык төрөт үйүнүн, шаардык балдардын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн, Ош облустар аралык онкология борборунун, Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын абалы жана аткарылган жана аткарылып жаткан иштер менен башкы дарыгерлер депутаттарды тааныштырып, бир топ маселелер каралып, депутаттар алардын көйгөйлөрүн угушуп, аткаруу бийлиги менен биргеликте чечүү боюнча сунуштарын айтышты. 


Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)