Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Кыргыз Республикасынын энергетиктеринин кесиптик майрамы белгиленди

Кыргыз Республикасынын энергетиктеринин кесиптик майрамы белгиленди

21 декабрь 2022, Среда
395
0

  БүгүнОш шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов Кыргыз Республикасынын энергетиктеринин кесиптик майрамына карата уюштурулган иш-чарага  катышты.
  
Энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктаган Шайырбек Нуранов аталган тармак республикабыздын экономикасынын негизин түзөөрүн, шаарындагы энергетиктердин түйшүктүү эмгектеринин натыйжасында берилген жылуулук жана жарык аркылуу шаарыбыздын ар бир жашоочунун камкордугун сезип, шаар калкынын бейпил жашоосу үчүн талыкпай эмгектенип жаткандыгын белгилеп: “Сиздердин кесибиңиздер мамлекетибиздин өнүгүшүнө, жарандардын турмуш-шартын жакшыртууга багытталган. Анткени, энергетика тармагынын туруктуу жана ишенимдүү иштөөсү бардык жаңылануулардын башатында туруп, бир өлкөнүн гана эмес бүтүндөй дүйнөнүн алдыга жылуусун камсыздайт”, – деди Шайрбек Нуранов.

    Шаарыбызда эмгектенген алдыңкы энергетиктерге Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан ыраазылык билдирип Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталарын тапшырды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)