Ош шаарында Энергетиктер күнү белгиленди
Бүгүн, 22-декабрь Кыргыз Республикасынын Энергетиктика күнү белгиленди. Ага Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов катышып, энергетиктерди майрамы менен куттукташты.
ТөрагаСалман Назылдбеков жалпы энергетика кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен Ош шаардык Кеңешининдепутаттарынынатынанкызуукуттуктап,өзсөзүндө шаар тургундары үчүн аткарып жаткан эмгектеринин баа жеткис экендигин белгиледи. Ошондой эле көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Ош шаарынын энергетика тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен так аткарып жүргөн бир катар кызматкерлерди Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйлады.