Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин депутаттары Жалал-Абад шаарында болушту

Ош шаардык Кеңешинин депутаттары Жалал-Абад шаарында болушту

18 июль 2022, Понедельник
557
0

  2022-жылдын 15-16-июль  күндөрү,  Ош  шаардык кеңешинин депутаттары Жалал-Абад шаардык кеңешине тажрыйба алмашуу,  депутаттык алаканы бекемдөө максатында болуп кайтышты.

  Аталган ишчарага  Баткен, Нарын, Талас, Каракол шаарларынан келген жергиликтүү кеңештин төрагалары жана депутаттары катышышты. Эки күнгө созулган жолугушуу тажрыйба алмашуу, достук алаканы бекемдөө максатында өттү.

  Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Н.Орозбаев, коноктор менен болгон расмий жолугушууда, шаардык кеңештин ишмердүүлүгү менен тааныштырды.

Атайын программага ылайык, аймактардагы шаарлардан барган эл өкүлдөрү Жалал-Абад курортуна жана Курманбек баатырдын күмбөзүнө зыярат жасашты. 

Жолугушуунун экинчи күнү, кичи –футбол боюнча "Достук кубогу" спорттук иш чарасы менен улантылды. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов катышып, командаларга ийгиликтерди каалады.


Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)