Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясыболуп өттү

Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясыболуп өттү

27 декабрь 2022, Вторник
645
0
   Бүгүн, 27-декабрь Ош шаардык Кеңешинин кезектеги XV сессиясынын күн тартибине ылайык 19 маселе каралды.

   Каралган маселелер боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери  тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө маалыматтар угулуп, депутаттар тарабынан суроолор, сын-сунуштар айтылып, талкууланып, тиешелүү токтомдор кабыл алынды.

  Сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан экономикалык, коммуналдык жана социалдык тармактар боюнча түрдүү маселелер боюнча сын-сунуштар айтылып, протоколдук тапшырмалар берилди.

   Ош   шаардык Кеңешинин эки жаңы депутаты: Ракыя Абдыкадырова (“Ата-Журт Кыргызстан”) жана Жаркынай Пазылова (“Биздин Кыргызстан”) тааныштырылды. 

  Жыл ичинде жигердүү иштери менен айырмаланган бир катар депутаттар Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланышты. Ошондой эле, эл өкүлү Назима Алмазбек кызына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин энчилүү сааты тапшырылды.




Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)