Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Жумушчу топтун отуруму болуп өттү.

Жумушчу топтун отуруму болуп өттү.

04 август 2022, Четверг
538
0

    Бүгүн, 4-августта шаардык Кеңешинин төрагасы С.Назылбеков, 2022-жылдын 14-июлундагы №30 тескемесинин негизинде, Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын мүчөлөрүнүн, Ош шаарынын вице-мэр Ж.Азимовдун жана шаардагы мекеме ишканалардын тиешелүү адистеринин катышуусунда отурум болуп өттү. 

     Отурумда Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасына жеңил конструкцияда курулган жаңы имаратынын  сапаты жөнүндө маселе каралды.

    Жумушчу топту Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты  маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын  төрагасы Б.Баетов алып барды.  Жумушчу топтун мүчөлөрү, туруктуу депутаттык комиссиянын депутаттары күн тартибиндеги маселелер боюнча суроо-сунуштарын жана тапшырмаларын  беришти.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)