Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

Ош шаардык Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

04 август 2022, Четверг
555
0

    2022-жылдын 4-августунда Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү.

  Ош шаарынын мэриясынын 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы жана Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылуусу боюнча маалыматты Ош шаарынын биринчи вице-мэри М.Исаев баяндады. Ош шаарында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча Ош шаарынын ички иштер бөлүмүнүн аткарып жаткан иштери талкууланып, шаардын аймагындагы сырткы видео байкоолорду орнотуу зарыл болгон турак-жайлардын, көчөлөрдүн, паркттардын, мекеме-уюм жана кафе-ресторандардын такталган даректери боюнча тизмелерин Ош шаардык Кеңеши тарабынан бекитүү маселеси сессиянын кароосуна сунушталды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)