Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Убактылуу депутаттык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү

Убактылуу депутаттык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү

11 август 2022, Четверг
584
0


 Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 9-мартындагы №6 буйругунун негизинде, муниципалдык мүлктүн эффективдүү пайдаланылышын, салык эмес кирешелердин түшүүсүн көбөйтүү жолдорун аныктоо боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү.

Отурумга  Б.Жолдошбаев төрагалык кылып, комиссиянын мүчөлөрү А.Айтбаев, Б.Баетов, К.Папишов, А.Эркин уулу, К.Шайиев, Э.Арзиевдер катышты.

Өз учурунда Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчилиги, бөлүм башчылары муниципалдык мүлктү пайдалануу боюнча кеңири маалымат беришти. Комиссиянын мүчөлөрү тарабынан муниципалдык мүлктү эффективдүү пайдалануу боюнча кеңири талкуу жүргүзүлүп, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына муниципалдык жерлердин, имараттардын максатуу  пайдалануу, жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен муниципалдык обьекттерди кайтарып алуу, электрондук базасын түзүү, муниципалдык жерлердин мамлекеттик актысын алуу боюнча бир топ сунуштар берилди. Комиссиянын кийинки отурумун жеринен өткөрүү макулдашылды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)