Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Жаңы окуу жылы башталды.

Жаңы окуу жылы башталды.

02 сентябрь 2019, Понедельник
3 039
0
Бүгүн Ош шаарында билим берүү күнү белгиленди.
        Төрага шаардагы №11 В.Терешкова атындагы мектеп интернатынын окуучуларын жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, жаңы окуу жылындагы  алгачкы салтанатка катышты. 

       Мамлекетибиз, шаарыбыз өсүп өнүгүүсү үчүн бизге күчтүү, билимдүү келечек ээлери керек, мына ушул келекчек ээлери Сиздер окуп жаткан мектеп интернаттан билим алып жаткан окуучулар, бүтүрүүчүлөр жана бүгүн билим алуу үчүн мектеп босогосун аттап жаткан бөбөктөр.
 
        Элибизде жакшы сөз бар окуу билимдин булагы, билим ырыскынын булагы дейт. Баардык келечек ээлери силердин алдыдагы окуу жылынарда көптөгөн ийгиликтерге жетишинерге тилектешмин деп билдирди Ж.Ормонов.  
        Төрага билим күнү менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан куттуктап, Ош шаарынын депутатты М.Исаевдин атынан мектеп интернатка мебел сатып алуу үчүн 100 000 (жүз миң) сом ошондой эле Мектеп интернаттын короо жайынын ондоп түзөөгө Ош шаардык Кеңеши тарабынан 100 000 (жүз миң) сом акча каражатын бөлүп берүүнү убада кылды.  

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)