Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңеши шаардын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоорун акыркы долбоорун 2 айлык мөөнөткө коомдук талкууга койот!

Ош шаардык Кеңеши шаардын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоорун акыркы долбоорун 2 айлык мөөнөткө коомдук талкууга койот!

10 февраль 2023, Пятница
602
0

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары!


Сиздердин назарыңыздарга Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларына жана Кыргыз Республикасындагы шааркурулуш документтеринин коомдук угуулары жөнүндө жобосуна таянып жүзөгө ашырылып жаткан шаар куруу ишинин  жана шаар  куруу-архитектура  процессинин бардык түрлөрүн регламенттештирүү максатында деталдык пландоо долбоорун (ПДП) коомдук талкууга коюп жатат.

    Долбоор боюнча кыскача маалымат;

Ош шаарынын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоору Ош шаарынын 3500 га жер аянтына иштелген, анда шаардын перспективалык кеңейүүсүнүн чек аралары кошо камтылган. 

Перспективалык калктын саны - 360,8 миң адам. 

3500 га жер аянтынын чек арасы Ош шаарынын төмөндөгү көчөлөр менен чектешет: Көкүм-Бий, Батыш долбоорлонуучу көчө, Курманжан Датка, Касымбеков, Раззаков, Авиценна, Ак-Тепе каналы, батыш долбоорлонуучу көчөлөр, Памир, “Ош-Пансионаты”, Увам каналы, Исанов, Ак-Буура дарыясы, Сүйүнбаев, № 43 түштүк-батыш көчөсү, Мамыров, Осмонов жана батыш долбоорлонуучу көчөлөр. 

Ош шаарынын борбордук бөлүгү 7 турак-жай аймактарга бөлүнгөн, алар: “С”, “СЗ”, “СВ”, “ЮЗ”, “В”, “Ю”, “З”. Ар бир аймактын техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү долбоордун негизги жоболорунда берилген. 

Эскертүү; коомдук талкуу 2 айлык мөөнөттө Ош шаардык Кеңешинин, Ош шааарынын мэриясынын жана Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын массалык маалымат каражатарынын атайын сайтында турат. Жана ага таандык материалдар Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан камсыздалат. 

Мындан сырткары коомдук талкуу учурунда бекитилген график боюнча Архитектура-курулуш ишмердиги чөйрөсүндө саясатты иштеп чыккан жана ишке ашыруу боюнча жергиликтүү аткаруу органдарынын өкүлдөрүнүн жана коомчулуктун катышуусу менен тиешелүү муниципалдык аймактык башкармалыгынына караштуу  кварталдык комитеттери менен жер жерлерде коомдук угуулар өткөрүлөт.

Андыктан, шаардын өнүп-өсүүсүнө жана келечек муундардын татыктуу жашоосуна кайдыгер карабай шаардын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоорун акыркы долбоорунун ар бир иш аракеттерине өзүңүздөрдүн жеке ой-пикирлериниздерди билдирип кетүүгө чакырабыз. 

Эгерде ушул долбоорго ой-пикриңиздер болсо Ош шаарынны мэриясынын жана Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын массалык маалымат каражаттары аркылуу кайрылууга чакырабыз.  

Сурап билүү үчүн байланыш тел.(03222) 5-57-45, 4-85-37

Урматтоо менен Ош шаардык Кеңеши. 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)