Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинде туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү

Ош шаардык Кеңешинде туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү

02 март 2023, Четверг
308
0

      Бүгүн, 1-мартында  Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты  маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы шаардык Кеңешинин иш планында карала турган маселелер боюнча жеринен таанышып келишип, 2-мартта отурум болуп өттү.

     Отурумду комиссиянын төрагасы Б. Баетов алып барып, күн тартибинде беш маселе каралды. Туруктуу депутаттык комиссиянын отурумуна Ош шаарынын мэринин орун басары Н. Кадыров, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Отурумда каралган маселелер боюнча депутаттар  суроо-талаптарын жана сунуштарын тиешелүү кызматтардын жетекчилерине беришип, “Ош шаарында калктын саламаттыгын сактоо боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндөгү” маселе шаардык Кеңештин кезектеги сессиясына сунушталды. 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)