Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында Мамлекеттик туу күнүнүн 31 жылдыгы белгиленди

Ош шаарында Мамлекеттик туу күнүнүн 31 жылдыгы белгиленди

03 март 2023, Пятница
290
0


    Бүгүн, Ош шаарынын борбордук  аянтында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынган күндүн 31 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Сатыгуловичтин жана депутаттык корпустун атынан иш чаранын катышуучуларын Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары  Ш. Нуранов  куттуктады.  


“Урматтуу бүгүнкү салтанаттын катышуучулары! 


    Бүгүн биздин желегибиздин алдында шаардыктар, өлкөбүздүн келечеги болгон патриот жаштар, жоокерлер менен биргеликте Ата-Мекенибизге болгон сүйүүбүздү, чоң жоопкерчиликти сезип, чогулуп турабыз.


    Андыктан, мамлекетибиздин 31 жылдык “Туу күнү” менен Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Сатыгуловичтин жана Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан баарыңыздарды куттуктайм. 

Келечекте мамлекетибиздин зоболосу мындан да бийик баскычтарга көтөрүлүп, социалдык-экономикалык өсүүлөр жыл сайын өзүнүн мол түшүмүн берип, көп улуттуу элибиз биримдикте жана ынтымакта болсун.


     Түндүктүн элеси түшүрүлүп, күн шооласынын кырк нуру, кыргыздын кырк уруусун бириктиргендей ойду берген Мамлекеттик туубуз менен биз сыймыктанабыз.   

Дүйнөнүн кайсы жеринде өлкөбүздүн Туусу бийиктикке көтөрүлгөндө, ошол жерде өзүбүз ийгиликке жеткендей сүйүнүп калабыз.         

Ошондуктан, дайыма биримдикте болуп, жүрөгүбүздө “Мен Кыргызстандыкмын” деген сезим менен, баарыбыз бир түндүктүн башына биригип, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө салым кошолу.

Мына ошондо Кыргызстандын туусун бийик желбиретүү менен биз мекенибиздин патриоту, чыныгы мекенчил жараны экендигибизди далилдей алабыз.  Дайыма өлкөбүздө стабилдүүлүк болуп, ынтымакта, ырыскы-берекенин ордосунда бололу!

Өркүндөп өсө берсин Кыргызстаным, желбирей берсин Кыргыз туусу! -деди Шайырбек Нуранов.


Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)