Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылда аткарган иштери жөнүндө МААЛЫМАТ

Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылда аткарган иштери жөнүндө МААЛЫМАТ

13 март 2023, Понедельник
626
0


          Ош шаардык Кеңеши 2022-жылы өзүнүн ишмердигин  сессияда бекитилген иш планга ылайык жүргүздү. 2022-жыл ичинде шаардык Кеңештин 9 сессиясы, анын ичинде 3 сессия сурамжылоо жолу менен  болуп өтүп, анда шаардын жана шаардыктардын турмуш-тиричилигине байланышкан  маселелер каралып, 84 токтом кабыл алынып,  алар  аткаруу үчүн   Ош шаардык мэриясына жана тиешелүү   мекеме-ишканаларга  тапшырылган. Каралган 84 маселенин ичинен бюджет, экономика,   өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия 25,  архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк,  экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар  маселелери боюнча  туруктуу депутаттык комиссия 19, мыйзамдуулук, укук-тартип,  депутаттык этика, регламент, мандат жана  дин маселелери боюнча тууктуу депутаттык комиссия 14, социалдык маданий өнүктүрүү,  жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия 4, транспорт, жылуулук-энергетикалык  комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери   боюнча  туруктуу депутаттык комиссия 7, жергиликтүү өз алдынча башкаруу,   инвестиция,  ишкердүүлүк,  тышкы экономикалык байланыш,  кичи жана   орто бизнести  колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия 4 маселе даярдашып,  сессиянын кароосуна киргизишкен. Андан тышкары уюштуруу иштери боюнча 9 маселе   сессияда каралган.

          Ош шаардык Кеңешинин  туруктуу депутаттык комиссияларынын ишине кайрыла турган болсок, жыл ичинде бюджет, экономика,  өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия ­­­­­16 отурум өткөрүп, 50дөн ашуун маселе караган,  архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк,  экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар  маселелери боюнча  туруктуу депутаттык комиссия 12  отурум өткөрүп,  16 маселе караган,  мыйзамдуулук, укук-тартип,  депутаттык этика, регламент, мандат жана  дин маселелери боюнча тууктуу депутаттык комиссия 4 отурум өткөрүп,  15 маселе караган, социалдык маданий өнүктүрүү,   жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия 8 отурум өткөрүп, 13 маселе караган, транспорт, жылуулук-энергетикалык  комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери  боюнча  туруктуу депутаттык комиссия  8 отурум өткөрүп,  20 маселе караган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу,  инвестиция,  ишкердүүлүк,   тышкы экономикалык байланыш,  кичи жана  орто бизнести  колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия 5 отурум өткөрүп,  11 маселе караган.

           Ош шаардык Кеңешинин сессияларында, коомчулуктун катышуусу,  коомдук угууларды өткөрүү менен  шаардын 2022-жылга  бюджети, “Келечекке татыктуу шаар” аталыштагы Ош шаарын 2022-2025-жылдарда өнүктүрүү программасы бекитилди.  Турак жайга муктаж болгон калктын бөлүгүн турак-жай менен камсыз болуусуна шарт түзүү максатында, “Көп кабаттуу үйлөрдү курууда үлүштүк катышууга укугу бар физикалык жана юридикалык жактардын тизмесин түзүү жөнүндө”, “Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак-жай бөлүштүрүү жөнүндө” Жоболор,   калктын каражатын үнөмдөө жана ысырапкерчиликке жол бербөө максатында “Ош шаарында үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн жана эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” Жобо бекитилди. Ошондой эле,  Ош шаардык Кеңешинин сессияларында “Муниципалдык аймактык башкармалыктардын иштеринин натыйжалуулугу жөнүндө”, “Ош шаарында инвестиция тартуу боюнча аткарылып жаткан иштер, ишкердикти колдоо, тышкы экономикалык байланыштарды түзүү”,  “Шаардын тазалыгын камсыздоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана коммуналдык чарбаны өнүктүрүү”, “Жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу”, “Муниципалдык ипотекалык ишкананын иштери жөнүндө”, “Экстремисттик жана террористтик көз караштагы жана диний көз караштагы кыймылдар тарабынан  кылмыш жасоого жол бербөө боюнча укук коргоо органдарынын  иштери  жөнүндө”, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ош филиалы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө, Ош шаарында 2022-2023-жылдарга күз-кыш өнөктүгүн өткөрүүгө карата жылуулук-энергетикалык комплекс  мекемелери тарабынан көрүлүп жаткан  даярдыктар жөнүндө, Ош шаардык муниципалдык автотранспорт мекемесинин, Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин аткарган иштери, Ош шаардык муниципалдык менчик  башкармалыгы тарабынан  муниципалдык менчикти пайдалануудан түшүүчү  каражаттардын эсебинен жергиликтүү бюджеттин  киреше бөлүгүн  арттыруу боюнча аткарылып жаткан иштер, Ош шаарында коррупцияга  каршы күрөшүү  боюнча аткарылып  жаткан   иштер, шайлоочулардын сунуш-талаптарын  аткаруу жөнүндө, Райондук электр тармактар ишканасынын, Ош шаардык электр энергия сатуу мекемесинин  жана “Ошсвет”  муниципалдык ишканасынын  аткарып жаткан иштери  жөнүндө, “Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө, Ош шаарындагы айрым имараттарды мамлекеттик менчиктен  муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жөнүндө жана башка маанилүү  маселелер каралган. Бул маселелерди кароодо тиешелүү жетекчилердин маалыматтары угулуп, орун алган көйгөйлөр белгиленип, ар бир маселе боюнча көйгөйлөрдү чечүү үчүн сунуштарды камтыган  токтомдор кабыл алынды. Токтомдор, аткаруу үчүн, шаардын мэриясына жана тиешелүү мекеме, ишканаларга жөнөтүлгөн. Ошондой эле сессияларда шаардын бюджетинин пландарын аткаруу жана жергиликтүү бюджеттен ар кандай муктаждыктар үчүн жарандарга жана юридикалык жактарга акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү арыздар жана кайрылуулар каралып жатты. Өткөн убакыт ичинде 42 арыз жана кайрылуулар каралып, жыйынтыгында жарандарга жана юридикалык жактарга  жергиликтүү бюджеттен 31,0 млн. сомдон ашуун акча каражаты бөлүнүп берилген.           

          Шаардыктарды жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт менен камсыздоо маселеси шаардык Кеңештин көңүлүнүн борборунда болуп келет. Шаардык Кеңештин сессиясында шаарга  Өзбекстандан лизинг жолу менен 50 автобус алуу үчүн Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунан 1 850 млн. АКШ доллары  өлчөмүндө кредит алууга  макулдук берилип, бүгүнкү күнү ал автобустар алынып келинип, шаардын чет жактарын борбор менен байланыштырган каттамдарда иштеп жатышат. Бул автобустарды иштетүү менен Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жана Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары шаардын борборуна эркин каттого   мүмкүнчүлүк алышты.

           Шаардык Кеңештин депутаттары тарабынан шаардын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө  такай көңүл бурулуп келет. Бул багытта, “Ата-Журт Кыргызстан”  депутаттык  фракциясынын мүчөсү  Жолдошбаев   Бакай Сагынбаевич жетектеген убактылуу депутаттык комиссия   муниципалдык жерлердин жана обьекттердин  пайдаланылышын текшерип чыгып, жыйынтыгында,  шаардын казынасына кошумча киреше алып келүүгө  тоскоол болуп жаткан бир топ кемчиликтерди жана мыйзам бузууларды тапкан. Мисалы,  алтын базарынан жана шоколад  базарынан муниципалдык жерлерди пайдалангандыгы  үчүн ижара акылары “сол чөнтөктөргө”  түшүп,  шаардын казынасына түшпөй келген. Аталган комиссиянын отурумунда Ош шаарынын тиешелүү вице-мэрине жана шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына, табылган кемчиликтерди, мыйзам бузууларды жоюу жана муниципалдык менчикти эффективдүү эмес  пайдаланууга жол койбоо боюнча көрсөтмөлөр берилди жана белгиленген кемчиликтерди жоюп, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү  боюнча тапшырмалар берилди. Ош шаарынын прокуратурасынын ченемдик-укуктук актыны бузууларды  четтеттүү боюнча кайчылаш текшерүүсү учурунда Базар көчөсүндөгү  “Алтын базарына ”  бул убакка чейин төлөнбөй  келген   2 573 955 сомду төлөө сунуштамасы берилген. Анын негизинде 600 000 сом  шаардын казынасына кайтарылган. Ал эми калган  1 973 955 сомду өндүрүү  иштерин жүргүзүү боюнча шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын ишмердиги депутаттардын көзөмөлүндө турат.

          “Ата-Журт Кыргызстан”  депутаттык   фракциясынын мүчөсү  Баетов Болотбек Талайбекович жетектеген убактылуу депутаттык комиссия муниципалдык базарлардын иштеринин эффективдүүлүгүн жана алардан жергиликтүү казынага түшө турган жыйымдарын текшерип чыкты. Комиссиянын ишинин жыйынтыгында, Ош шаарынын мэриясына муниципалдык базарларды реорганизациялоо жана алардан  шаардын бюджетине түшө турган жыйымдардын өлчөмүн көбөйтүү сунушталган.                  Азыркы учурда  машина базар деп аталган  “Жапалак унаа базары”  муниципалдык ишканасы  иштеп келүүдө. Ошол ишкананын жайгашкан жери, айыл чарба багытындагы  жер болуп,  базардын базар деген документи ушул убакка чейин жок. Базар болсо иштеп, ал жерде тынбай соодо-сатык жүрүп турат. Мындай алып караганда, базар  документи жок болгондон кийин, мыйзамсыз иштеп жатат деп айтса болот. А бирок,  бул базардан шаардын казынасына төлөмдөр түшүп жатат. Эмне үчүн базардын документи жок десек, себеби базар жайгашкан жердин багыты өзгөртүлүп транформация болгон эмес. Ош шаардык Кеңеши бул маанилүү маселени дагы көтөрүп, мэрияга жерди трансформация кылып,  базардын документтерин мыйзамдаштырууну  шаардык мэрияга тапшырды.

          Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар  маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы  Бакир уулу Шахназар жетектеген дагы бир убактылуу комиссия   шаардагы мыйзамсыз курулуштарды карап чыкты. Ош шаарынын вице-мэри Азимов Жасур Махмудовичтин катышуусунда жерине чыгуу менен карап, бул комиссия 40тан ашуун   мыйзамсыз курулуштарды аныктаган. Бул маселе боюнча дагы шаардык мэрияга  курулуш тармагын тартипке салуу  тапшырылган. 

          Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Маткеримов Айбек Тураталиевичтин жана Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Назылбеков Салман Сатыгуловичин катышуусунда депутаттык топ, жеринде акыбал менен таанышу үчүн,    шаардык медициналык мекемелерди көрүп чыгышты. Таанышуунун жыйынтыгында бардык социалдык тармактын мекемелеринин   жетекчилерин чакыруу менен, кеңейтилген чогулуш өткөрүлүп, анда тармакта орун алган көйгөйлүү маселелер көтөрүлүп, эркин талкуу болду. Анда айрыкча, балдардын инфекциялык ооруканасынын аймагында  COVID-19 менен ооругандарды айыктыруу үчүн курулган  оорукана эксплуатацияга берилгендигине карабастан, жылытуу жана желдетүү системалары жок болгондуктан, суукта өтө суук, ысыкта өтө ысык болуп, тийиштүү шарттар жок болгондугуна байланыштуу, оорулууларды кабыл ала албай жатканы өзгөчө белгиленди. Жыйынтыгында, аталган оорукананын өзүнүн долбооруна ылайык  курулгандыгын текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы,   жогорку тиешелүү органдардын алдында көтөрүү үчүн, Жогорку Кеңештин депутаты А.Маткеримовго  тапшырылат.

          Шаардык Кеңештин депутаттары,  сессияда коммуналдык кызматтардын ишмердигин кароодо, алардын автопаркынын абалына жана автопаркты жаңылоого көңүл бурушту. Адистештирилген “Ош Тазалык”, “Оштогу көрктөндүрүү жана жашыл чарба комбинаты” муниципалдык ишканасы, “Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасы” сыяктуу  эскилиги жеткен техникасы көп ишканаларга,  жаңы, заманбап автотранспорттук техника жана башка техника зарыл экендиги  белгиленген. Аталган ишканалардын  короолору   эски техникалардын көрүстөнү сыяктуу болуп, эчак эле иштетүү мөөнөттөрү өтүп, иштен чыгып иштетүүгө  эчак эле  жарабай калгандарына карабастан, списание болбой, дагы деле  ишканалардын баланстарында  эсепте турушат.          Бул багытта,   Ош шаардык мэриясына,   тийиштүү документтерди даярдап,  эски техникаларды эсептен чыгарууну  уюштуруп,   жогоруда аталган   ишканалардын  короолоруна үйүлгөн  жараксыз техникалардан  бошотууну камсыздоо тапшырмасы берилген. Шаардык Кеңештин жылдын аягындагы  сессиясында “Ош шаарынын муниципадык менчигиндеги унаа каражатын сатуу тартиби жөнүндө” жана “Ош шаарынын  муниципалдык  менчигиндеги негизги каражаттарды эсептен  чыгаруу   тартиби жөнүндө” Жоболор бекитилип берилди.

          Шаарда чоң көйгөй жараткан маселелердин бири ээсиз калган трансформаторлор. Шаар боюнча мындайлардын саны 1044.  Алар тиешелүү  документтер   жок болгондугуна байланыштуу райондук электр тармактары (РЭТ)  ишканасынын балансына алынган эмес. Балансында турбагандыктан, аларды РЭТ   тейлей албай келет. Тейленбей   калган трансформаторлор   калкты  электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого кедергисин тийгизип келүүдө. Бул маселе шаардык Кеңештин сессиясында депутаттар тарабынан көтөрүлүп, шаардык мэрияга жана муниципалдык менчик башкармалыгына ээсиз трансформаторлорду РЭТтин балансына өткөрүп  берүү үчүн тиешелүү документтерди даярдоо тапшырылган. Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, азыркы учурда муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан 31 даана транформаторлорду баланска алуу боюнча Ош шаардык архитектура башкармалыгынан корутунду алууга кат жолдонгон жана калган транформаторлор боюнча да иш жүргүзүлүүдө. Бул маселе шаардык Кеңештин көзөмөлүндө турат.

         Башка жактарга берилип жана сатылып кеткен балдар бакчаларын муниципалдык менчикке кайтарып алуу жана  балдар бакчаларын өз багыттарында иштетүүгө жетишүү – шаардык Кеңештин негизги максаттарынын бири болуп саналат. Бул боюнча шаардык Кеңештин депутаттары чечкиндүү кадамдарга барып,  шаардык прокуратурага кайрылуу жасап, азыркы учурда  депутаттардын өтүнүчү боюнча  прокуратура тарабынан текшерүү иштер жүргүзүлүүдө.  Ушул учурда   балдар бакчаларына баруучу балдардын саны  44 000 тегерегинде болсо, алардын 36 пайызы же болосо  15 851и гана  бакчага барышат. Калган  64   пайызы үйлөрүндө калууга аргасыз, анткени шаарда бала бакчалар жетишсиз. Бүгүнкү күндө 12 миңден ашуун бала бакчага барууга  кезекте турат. Ошондуктан, депутаттар мүмкүн болушунча,  мурда  жеке жактарга жана юридикалык жактарга  берилип кеткен балдар бакчаларын мыйзамдуу жолдор менен шаардын карамагына кайтарып алууга, эгер кайтарып алууга мүмкүн болбосо, жок дегенде, өз багытында  бала бакча катары иштетүүгө аракет жасап жатат. Азыркы учурда  үч бала бакчаны шаардын карамагына кайтарып алуу боюнча Ош шаардык Кеңешинин доо арызы Ош облустук административдик сотунун кароосунда турат. Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрында өткөн 15-сессиясында   Ош шаарындагы имараттарды

мамлекеттик менчиктен муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жөнүндө маселе каралып, мамлекеттин менчигинде турган  6 административдик имаратты жана 20 бала бакчасын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү боюнча токтом кабыл алынды.


          Ош шаарында эң бир көйгөйлүү маселелердин бири, айрыкча Жапалактыктар үчүн – бул таштанды ташылып чыгарылуучу жай. Ошол маселени чечүү максатында,  ташылып чыгарылган катуу тиричилик калдыктарын жайгаштырууга жаңы полигон куруу үчүн,  эски полигонду рекультивациялоого Европа инвестициялык банкынан 3 млн. евро өлчөмүндө кредит алууга шаардык Кеңеш  макулдугун берди.  Бул кредит алынса, тиричилик калдыктары жайгашкан жер рекультивация болуп,   таштандылар жердин алдына  көмүлөт жана  жапалактыктар  жагымсыз жыттардан жана жагымсыз көрүнүштөрдөн арылышат.

          Жогоруда белгиленгендерден башка дагы шаардыктардын турмуш-тиричилигине байланышкан көп маселелер депутаттар тарабынан  ар бир сессиянын жүрүшүндө жана туруктуу депутаттык комиссиялардын отурумдарында көтөрүлүп, аларды чечүү боюнча шаардык мэриянын жана шаардык кызматтардын даректерине такай сунуштар жана сын-пикирлер    айтылып келүүдө.

          Депутаттар шайлоочуларынын наказдарын аткаруу үчүн  активдүү иштешип,  шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн өздөрүнүн  бараандуу  салымдарын кошуп  келе жатышат. Андан  тышкары, ар бир депутат өзү шайланган округунда орун алган көйгөйлөрдү, чарбалык иштер болобу,  социалдык маселелер болобу,  чечүүгө аракеттерин жасап келишүүдө. Шаардык Кеңештин ар бир сессиясында депутаттар жол, таза суу, газ, электр энергиясы, жылуулук менен камсыздоо, таштандыларды ташып чыгаруу, балдарды бакча, мектеп менен камсыз кылуу, медициналык тейлөөнү жакшыртуу, жүргүнчүлөрдү ташуунун жана тейлөөнүн сапатын жакшыртуу сыяктуу   маселелерди көтөрүшүп, аларды чечүү үчүн шаардык мэрияга тапшырма берип турушту.

          Өткөн жыл ичинде Ош шаардык Кеңешинде жергиликтүү өз алдынча   башкаруу маселелери боюнча Кыргызстандын башка шаардык  Кеңештери жана чет өлкөлөр  менен тажрыйба алмашуу жана маданий, спорттук  иш-чараларга катышуу багытында иштер  аткарылды.   2022-ылдын 13-майында  Жалал-Абад шаардык Кеңешинин депутаттары Ош шаардык Кеңешинин ишмердиги менен таанышып, Ош жана Жалал-Абад шаардык Кеңештеринин ортосунда кичи футбол боюнча жолдоштук беттешүү өткөрүлдү. 2022-жылдын 15-16-июль күндөрү Жалал-Абад шаарында  Ош, Баткен, Нарын, Талас, Каракол  шаарларынын   жергиликтүү Кеңештеринин   депутаттары чогулушуп,  эки күнгө созулган  тажрыйба алмашуу, достук алаканы бекемдөө жана спорттук  иш-чаралары өттү. Ош шаардык Кеңешинин  депутаттары  Нарын шаарында өткөрүлгөн  биримдикти,   ынтымакты  жана достукту  чыңдоого,   кызматташууга   багытталган   “Жети дубан ынтымагы”  аттуу иш-чарага жана кичи футбол боюнча “Достук кубогуна”  катышып кайтышты.  2022-жылдын   8-11-июндарында  Ош шаардык Кеңешинин депутаттары  Кулдышева Г.К., Иминджанов А.Ш., Исамова  Х.А.,  Баетов Б.Т.,   Бакир уулу Шахназар,  Шайиев К.И. Түркия Республикасынын Сафранболу шаарында 23- “Алтын шафран”  даректүү тасмалардын  маданиятты жана  тарыхты сактап калуу жана аларды келечек муундарга өткөрүп берүүнүн  маанилүүлүгүн  камтыган   “Маданий мурас жана аны сактоо”   фестивалына катышып келишти. 2022-жылдын   22-30- июнь  күндөрү  Ош шаардык Кеңешинин депутаттар  Арзибаев Б.О., Шайиев К.И.,  Иминджанов А.Ш.   Польша Республикасынын Катовице шаарына барып,    бүгүнкү  күндө дүйнө жүзүндөгү эң актуалдуу маселелердин  бирин  изилдөө үчүн   тез  урбанизация жана анын  жамааттарга, шаарларга,  экономикага,   климаттын  өзгөрүшүнө жана саясатка тийгизген таасири   жөнүндөгү  “Шаарыбызды жакшы келечек үчүн трасформациялоо”  темасында өткөн шаарлардын дүйнөлүк  форумуна  катышып келишти. 2022-жылдын  8-10-июнь күндөрү  депутат Маматкулов  Максатбек Борубаевич Россия Федерациясынын  Екатеринбург шаарында өткөн  тогузунчу Кыргыз-Орус аймактар аралык конференциясына барып,  “Евразия”  экономикалык   биримдигинини  мейкиндигинде  аймактар аралык кызматташтыкты бекемдөө”,  ”Туризм индустриясы экономикалк  өнүгүүнүн кыймылдткычтарынын бири катары”, “Гуманитардык кызматташтыктарды чыңдоо”   деген темалар боюнча  тегерек столдорго катышып,  тажрыйба  алып   келди. 2022-жылдын  22-24-июнь күндөрү шаардык Кеңештин төрагасы Назылбеков С.С.,   депутаттар Толубаев З.Б., Мырзабеков М.М.  Өзбекстан Республикасынын  Ташкент шаарына  кызматташтыкты бекемдөө жана тажрыйба алмашуу максатында  Ош шаарынын  расмий делегациясынын курамында барышып,  социалдык-экономикалык өнүктүрүү,  шааркуруу, турак-жай, коммуналдык  чарба,   өнөр-жай тармагында тажрыйба алмашып кайтышты. Депутаттар Шайиев К.И., Бакир уулу Шахназар, Жолдошбаев Б.С., Иминджанов А.Ш. 2022-жылдын  10-14-октябрь күндөрү  Түштүк Корея   Республикасынын Тэджон шаарында өткөн   жергиликтүү  бийликтин жана шаарлардык бирикмесинин  Бүткүл дүйнөлүк Конгрессине барышып,  шаардын инфраструктурасында жогорку технологиялык иштеп чыгууларды колдонуу жана ишке ашыруу боюнча  талкууларга катышып,  тажрйба алып келишти. 

          Булардан тышкары,  2022-жылдын   25-августунда  депутат Маматкулов Максатбек Борубаевич  Чолпон-Ата шаарында өткөн  ЕАЭБ өлкөлөрүнүн  жаштар арасындагы форумуна катышты,  депутаттар Турдуев И.Э., Кулдышева Г.К., Раимов Э.Ж., Маматкулов М.Б. жана аппарат кызматкери Шербек уулу Баястан Ысык-Көл областынын Чон-Сары–Ой   айылында  улуттук  демократиялык институту өткөргөн  шаарлардагы актуалдуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча  тренингдерге   катышып келишти.  2022-жылдын 22-июлунан 8-августуна чейин   муниципалдык аймактык башкармалыктарда   жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында,  Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө”  мыйзамына ылайык,  2022-2025- жылдары Ош шаарында  социалдык -коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу максатында өткөн иш чараларга депутат Раимбердиева А.Р. катышып тажрыйба алган.  2022-жылдын  oктябрь, ноябрь айларында  YOUTH   of  OSH  коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган  “Туруктуу   өнүгүү үчүн  инклюзивдик башкаруу жана жалпы  иденттүүлүк”  темасы боюнча   тренингге депутаттар Раимбердиева А.Р. жана Кулдышева Г.К. катышып,  билим деңгээлдерин жана көндүмдөрүн  жогорулатышты. 2022-жылдн 31-августунда Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 31 жылдгына жана Канай уулу Байтик баатырдын 200 жылдык мааракесине карата уюштурулган иш чара өтүп, ага социалдык-маданий өнүктүрүү ана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Баетов Б.Т. катышып келди. 2022-жылдын 15-16-ноябрында Бишкек шаарында “Кыргызреставрация” илим изилдөө жана долбоорлоо институту тарабынан иштелген Ош шаарынын тарыхый  борборунун архитектуралык-пландаштыруу өнүгүүсүнүн Концепциясын  кайрадан кароо үчүн кеңейтилген  тегерек стол өтүп, ага бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу   депутаттык комиссиясынын төрагасы Арзиев Э.М. катышып келди.

          Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 16-августундагы Элдик курултайды чакыруу жөнүндөгү  Жарлыгынын негизинде, Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 21-сентябрындагы №62 токтому кабыл алынып, анда Элдик Курултайга  Ош шаарынан делегаттарды шайлоо боюнча  Ош шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун   курултайын  2022-жылдын 5-ноябрында өткөрүү  жөнүндө  чечим кабыл алынган.  Ага ылайык, бекитилген график боюнча,   шаардагы 6 муниципалдык аймактык Кеңештерде  жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында  Ош шаардык Кеңешинин төргасы  С.С.Назылбеков баштаган  депутаттар   эл  менен чогулуштарды  өткөрүп,   шаардын жергиликтүү коомдоштугуна делегаттарды шайлоолор  болуп   өтүп,  500 делегат шайланды. 2022-жылдын  5-ноябрында  Ош шаардык Кеңешинин төргасы  жетектеген Ош шаарынын жергиликтүү  жамаатынын элдик курултайын уюштуруу жана  өткөрүү   боюнча комиссиясынын  жетекчилиги астында,   Ош Улуттук  кыргыз драма театрында  Ош шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун  курултайы   өткөрүлүп,  анда Элдик курултайга Ош шаарынан 30 делегат шайланды жана республикалык деңгээлде чечүүнү талап кылган,  шаар үчүн көйгөйлүү болгон маселелер көтөрүлүп, эң маанилүү деген 7 маселе Элдик Курултайда  көтөрүү үчүн   тандалып алынды. Курултайда   делегаттар тарабынан көтөрүлгөн ар кандай  30дан   ашуун  маселелер жалпылаштырылып,  аткаруу үчүн  шаардык мэрияга тапшырылды жана алардын аткарылышы жөнүндөгү мэриянын жообу, калкка маалымдоо үчүн  “Ош шамы”   гезитинин 2022-жылдын 16-декабрындагы №35  санына жарыяланды.

          2022-жылдын 28-ноябрынан  8-декабрына чейин  Ош шаардык Кеңешинин депутаттары  6 муниципалдык аймактык башкармалыктардын жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыктын   жашоочулары-шайлоочулар менен шаардык кызматтардын жетекчилеринин  катышуусунда жолугушууларды өткөрүшүп,  шайлоочуларга   өздөрү аткарган иштер боюнча отчет беришти жана шайлоочулардын чечүүнү  талап кылган көйгөйлөрүн,  сунуш  талаптарын угушту. Жолугушууларда  айтылган,   126 пункттан  турган  сунуш-талаптар жалпыланып,  шаардык Кеңештин сессиясында бекитилип, шаардык мэрияга аткаруу  жана алардын аткарылышынын  жүрүшү жөнүндө ар бир жарым жылдыкта  шаардык Кеңешке маалымат берип туруу  үчүн  тапшырылды. 126 сунуш-талаптын ичинен 15и  электр мамылаларын орнотуу жана электр энергиянын  кубаттуулугун  турукташтыруу,  19у жолдорду асфальттоо жана  тротуар куруу, 15и мектеп жана бала бакча куруу,  13ү  маршруттук каттамдар  жана светофор орнотуу , 4ү аялдама куруу,  16сы  таза суу менен камсыздоо, суу түтүктөрүн алмаштыруу жана канализация, 6сы   поликлиника, төрөт үйүн жана ФАП куруу, 7си балдар аянтчасын куруу, 3ү мыйзамсыз менчикке берилип кеткен жерлер жөнүндө болгон.

          2022-жылы Ош шаардык Кеңешинде кириш, чыгыш документтерин каттоо толук электрондоштурулуп, архив менен макулдашылып, электрондук номенклатурасы бекитилди.  Жыл ичинде жалпысынан Ош шаардык Кеңешине 618 кат келип түшкөн.  Алардын ичинен  99 кат жеке адамдардан жана жамааттардан  келген, 111 кат “Инфодокс”  программасына уланбаган  Ош шаарындагы мекеме-ишканалардан келген каттар, 408 кат “Инфодокс” программасына уланган жогорку органдардан, шаардык мэриядан жана мекеме-ишканалардан келген каттар. 618 каттын ичинен  193 кат бюджет, экономика,  өнөр-жай маселелери боюнча,  ­­­­­241 кат архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк,  экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар   маселелери боюнча,  49 кат мыйзамдуулук, укук-тартип,  депутаттык этика, регламент, мандат жана  дин маселелери боюнча,  74 кат социалдык маданий өнүктүрүү,  жана жаштар саясаты маселелери боюнча,  49 кат транспорт, жылуулук-энергетикалык  комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери   боюнча, 12 кат жергиликтүү өз алдынча башкаруу,  инвестиция,   ишкердүүлүк,  тышкы экономикалык байланыш,  кичи жана  орто бизнести   колдоо жана миграция маселелери боюнча болгон.

          Ош шаардык Кеңешинин төрагасы С.С.Назылбеков жыл ичинде 96 жаранды кабыл алган. Алардын ичинен  ипотекалык шартта үй алуу боюнча 21,  материалдык жардам сурап 8,  жеке маселелери менен 47 жана башка маселелер менен 20 адам кабыл алынган.

          Ош шаардык Кеңешинде персонал менен тиешелүү иштер аткарылды. Депутаттардын жана аппарат кызматкерлеринин кирешелери боюнча салык кызматына декларациялар өз мөөнөтүндө тапшырылды. Эки кызматкерге класстык чендер ыйгарылды, анын ичинде бирөөсүнө “Муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси”, экинчисине “Муниципалдык кызматтын кенже инспектору” класстык чендери ыйгарылды. Кызматтагы жетишкендиктери үчүн депутат Кадырбек кызы Нуркыз  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен,  депутат  Алмазбек кызы Назима  Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы  жана  энчиленген сааты менен, 12 депутат Ош шаардык Кенешинин Ардак грамоталары менен сыйланышты,   9  аппарат кызматкери ар кандай сыйлыктар менен сыйланышты. Алардын ичинен “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун отличниги” төш белгиси менен 2 кызматкер, “Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын отличниги” төш белгиси менен 1 кызматкер,  Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкарууларынын  Союзунун "Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” төш белгиси менен 1 кызматкер, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат  жана   жергиликтүү өз алднча башкаруу   иштери боюнча  мамлекеттик агенттигинин Ардак грамотасы менен 1 кызматкер, Грамотасы менен  3 кызматкер сыйланышты.

          “Ош шаардык Кеңешинин  кадрлар резервин  түзүү   боюнча конкурс өткөрүү жөнүндө” шаардык Кеңештин төрагасынын  буйругуна ылайык, административдик  кызмат орундарынын башкы, улук,  кенже топторуна конкурс жарыяланып, конкурстун жыйынтыгы менен үч топтун кадрлар резерви түзүлдү. Кадрлар резервине  кирген  талапкерлердин ичинен жетектөөчү адис болуп  1 кызматкер, адис болуп 2 кызматкер кызмат орундарына дайындалшып, иштеп жатышат.  Бир кызматкер мамлекеттик сатып алуулар боюнча окууга жиберилип,  тиешелүү сертификатка ээ болду. “Е-кызмат” системасына кызматкерлерге тиешелүү маалыматтарды жайгаштыруу иштери жүргузулдү. Жыл ичинде өздүк курам боюнча 80 буйрук, ар кандай маселелер  боюнча 56 тескеме  чыгарылды. Тескемелердин негизинде  Ош шаардык Кеңешинин 830 Ардак грамотасы  жана 19 ыраазычылк баракчалары даярдалып, Ош шаарынын өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн, ар кандай кесиптин ээлери сыйланышты. Ош шаардык Кеңешинде  депутаттардын жана аппарат кызматкерлеринин ден соолуктарын чыңдоого көңүл  бурулуп, аларды кесиптик медициналык кароодон өткөрүү уюштурулду. Профсоюз уюму тарабынан бөлүнгөн путевкалар менен  6 кызматкер   Жалал-Абад курортунда, 4 кызматкер   “Ала-Тоо” эс алуу үйүндө, 1 кызматкер “Ысык-Ата” курортунда ден соолуктарын чыңдап келишти,  2 кызматкерге 10 миң сомдон  материалдык жардам көрсөтүлдү.

          Ош шаардык Кеңешинин депутаттары жана аппарат кызматкерлери   шаарда өткөрүлгөн бардык майрамдык салтанаттарга,  саясий жана маданий, спорттук иш чараларга, шаардын тазалыгын камсыздоо боюнча ишембиликтерге активдүү катышышты. Ош шаардык Кеңешинин сессиялары, туруктуу депутаттык комиссиялардын  отурумдары жана башка иш-чаралары шаардык Кеңештин  сайтында,  шаардык “Ош шамы” гезитинде жана башка жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылып, калкка маалымат берилип турду.


Ош шаардык Кеңешинин 

төрагасы                                                                                     С.С.Назылбеков                       

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)