Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Депутаттар Ош шаардык жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты пасторттоштуруу жана каттоо бөлүмүндө болушту

Депутаттар Ош шаардык жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты пасторттоштуруу жана каттоо бөлүмүндө болушту

19 август 2022, Пятница
854
0

Бүгүн, Ош шаардык Кеңешинин  мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депуттатык комиссиясы, Ош шаардык жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты пасторттоштуруу жана каттоо бөлүмүндө (ЦОН) болушуп, андагы көйгөлүү маселелер менен таанышып кайтышты.

Аталган мекеменин бөлүм башчысы Кожошева  Назира Орозбековна,  ишкананын кантип жарандарды кабыл алып жаткандыктарына токтолуп өттү. Атап айтканда, аларга биринчи кезекте маалымат берүүчү жерден, келген жарандын муктаждыгына байланыштуу   маалымат берилээрин, андан соң   тиешелүү бөлүмгө электрондук кезекке туруп, кезеги жетээр менен аталган операторго барып, компьютердин жардамы менен тиешелүү маалыматтар киргизилген соң, кассага  белгиленген өлчөмдөгү акчаны төлөп коюп же болбосо документти алганы келген учурда төлөмдөрдү төлөп,  качан документтер келген учурда  дароо эле документтерин ала тургандыгын белгиледи. Бул жерде ар бир кызматкер, банкттар сыяктуу терезеленген, тунук бөлүкчөлөрдө олтурушкандыктарына жана бир кызматкердин аракети башка адамдарга жана жетекчи олтурган бөлмөгө көрүнүп тургандыгы  коррупциялык элементердин болушуна  жол бербөө максатында жасалгандыгына  токтолду. 

 Депуттар кызыккан маселе,  адамдардын кезегинин көптүгү,  аларды тейлөөнү тездетүү максатында кандай иштер жүрүп жаткандыктарына жетекчи тараптан, бүгүнкү күндө бул өтө көйгөйлүү маселени чечүү максатында   Ош шаарынын  түндүк  тарабында жайланышкан “два прораба” деген соода түйүнөн кеңейтилген аянтчага көчүрүлүп жаткандыгы, жакын арада бул маселеге бөгөт кое тургандыгы айтылды. 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)