Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Коммуналдык чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Коммуналдык чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

17 март 2023, Пятница
524
0

    Бүгүн,17-март күнү Кыргыз Республикасынын коммуналдык чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. 


   Ош шаардык Кеңешинин төрагасы С.Назылбеков, Ош шаарынын мэри Б.Жетигенов жана шаардагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышкан салтанаттуу иш-чара болуп өттү. 

    Ош шаардык Кеңештин төрагасы С.Назылбеков коммуналдык чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан куттуктап, Ош шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү жана элдин суроо-талаптарын канааттандыруу негизинен коммуналдык чарба тармагына байланыштуу экендигин,  аны менен бирге шаардагы ийгиликтердин жана жетишкендиктердин башаты майрам ээлеринин талыкпаган баалуу эмгегинен көз каранды экендигин белгилеп,   ар бир кызматкерге алдыга койгон максаттары ишке ашып, ак эмгегинин үзүрүн көрүүнү жана үй-бүлөөсүндө тынчтык, өздөрүнө бекем ден соолук каалады. 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)