Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү

Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү

17 март 2023, Пятница
434
0

    Бүгүн, 17-март күнү Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму  болуп өттү. Отурумга туруктуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү    Бакир уулу Ш., Айтбаев А.К., Зайнидинов А.Т., Шайиев К.И., Маматкулов М.Б катышты.

    Күн тартибине киргизилген  маселелер кеңири талкууланып, Ош шаарынын «Улуу Жибек жолун жандандыралы» 2023-2026-жылдарга карата Ош шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана социалдык жактан коргоо программасынын долбоору жөнүндө маселеси   Ош шаардык Кеңешинин сессиясынын кароосуна жөнөтүлдү.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)