Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Урматтуу Ордолуу Ош шаарынын тургундары!

Урматтуу Ордолуу Ош шаарынын тургундары!

21 март 2023, Вторник
339
0
    Сиздерди улуу «Нооруз» майрамы менен чын дилимден куттуктайм! «Нооруз» – кыргыз элинин эзелтеден аздектеп, ыйык туткан салттуу майрамы. 
    Күн менен түн тогошкон жаз мезгилинин март айын, чыгыш элдери «Нооруз» же «Жаңы күн» деп кылымдар бою белгилеп келишет. Миңдеген жылдар өтсө да бул майрамдын маани-маңызы сакталып, чыныгы элдик майрам болуп эсептелет.
    Майрамда арча түтөтүп, айлананы жамандыктан тазалоо элибиздин турмушунда табигый нерсе. Нооруз майрамынын алдынан калкыбыздын үй-жайды тазалоо, короо-жайды иретке келтирүү, жакшы тилек менен дасторкон жайып тамак берүү салты кулачын кеңири жайып, чыгыш элдеринин элдик майрамы катары муундан-муунга өтүп келе жатат. 
    «Нооруз» - жаңылануунун жана жаз менен кошо адамдардын жүрөктөрүнө жылуулук тартуулаган, жан дүйнөнү тазарткан касиети менен биз үчүн баалуу. «Нооруз» сүйүктүү шаарыбыздын көп улуттуу элин ынтымакка жана ыйманга чакырган, элдердин достугун даңазалаган өзгөчө баалуулукка ээ болгон биримдиктин майрамы.
     Ордолуу Ош шаарыбызда жандуу өнүгүүлөр-өсүүлөр болуп, бул майрамды ийгиликтер жана жетишкендиктер менен тосуп жатабыз.    
     Андыктан, Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан баарыңыздарга бекем ден-соолук, бакубат өмүр, ишиңиздерге ийгиликтерди жана алдыга койгон максат-тилектериңиздер жүзөгө ашуусун каалайм.      
Жаз күнүндөй аруулуктун, сулуулуктун, мээримдүүлүктүн, ынтымактын жана боордоштуктун белгиси болгон «Нооруз» жергебизге ырыскы, элибиздин эмгегине береке алып келсин.             
      Элибиздин ынтымагы күн сайын бекемделип, сүйүктүү шаарыбыздын зоболосу дайыма бийик болсун. 
Кылымдарды карыткан шаарыбызда дайыма жаңы башаттардын башталышы болгон «Нооруз» элибизге барчылык, токчулук алып келсин.
      Жыл тогошоордо дыйкандарыбыздын түшүмү мол болсун, жергебизде тынчтык орноп, Жараткан ааламда болуп жаткан оору-сыркоодон? Кырсык-капилеттен сактап, өлкөбүздө ар тараптан өсүп-өнүгүү болуп, ар бирибиздин жүрөгүбүздө жакшылыктын, кең пейилдин, ыймандын үрөөнү себилсин.
Нооруздун келиши менен мамлекетибизде, ордолуу Ош шаарыбызда тынчтык, бакубатчылык өкүм сүрүп, береке жана кут уяласын.

«Нооруз» майрамыңыздар менен!
Салман Назылбеков, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)