Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ысырапкерчиликке бөгөт коюу керекпи?

Ысырапкерчиликке бөгөт коюу керекпи?

06 декабрь 2019, Пятница
3 077
0
Азыркы учурда аш-тойлорго, ар кандай мааракелерге, маркумду акыркы сапарга узатууга, ажылык сапардан тосуп алууга жана башка үй-бүлөлүк салтанатка жумшалган ыксыз чыгымдар Ош шаарында эле эмес, бүтүндөй республика боюнча чечүүнү талап кылган чоң көйгөй болуп жатат.  
        «Каргага теңелип, каздын буту сыныптыр» дегендей, колунда бары дагы, жогу дагы дүңгүрөтүп той өткөрүү жарышына түшүп алган. Мында өзгөчө аткаминерлер жана ишкерлер айырмаланып, элге өздөрүнүн байлыгын көрсөтүү аракетинде. Аларга теңелип колунда жоктор да кур намыс менен кредит алып болсо да той өткөрүп, тойдун эртеси жаш күйөө-келинди иштеп акча таап кредитти төлөш үчүн чет өлкөгө жиберип жаткан учурлар арбын кездешет.
         Мамлекетибизде жер-жерлерде өлүм-житимге байланышкан чыгымдарды азайтуу боюнча бир топ жакшы иштер жүргүзүлүп, тиешелүү чаралар көрүлүп келүүдө. Кээ бир аймактарда маркумду узатууда чоң мал союуга, кийим кийгизүүгө, себет даярдоого, үчүлүгүн, бейшенбилигин, кыркын көп киши чакырып өткөрүүгө тыюу салынган.  Бул багытта кандайдыр деңгээлде болсо да көзөмөл болуп турат. Бирок, той өткөрүү боюнча эч жерде чектөөлөр жок жана өтө эбегейсиз чоң чыгымдар ошол тойлорду өткөрүүгө жумшалууда.
Колунда барларга билинбейт, ал эми колунда жокторго кыйын. Ош шаарында аш-тойлорго чыгымдарды кыскартуу боюнча бүгүнкү күнгө чейин маселе көтөрүлгөн эмес, бирок, бул маселеге көңүл буруучу мезгил келип жетти деп эсептесек болот. Ооба, бул маселе абдан татаал, элдин ой-пикирин угуп, оң жана терс жактарын таразалап, анан гана шашылбай чечим кабыл алуучу маселе. Анткени, биринчиден, Ош шаары көп улуттуу, анда салт-санаалары, үрп-адаттары ар кандай болгон, кеминде 80ден ашуун улуттардын өкүлдөрү жашайт. Экинчиден, тойлор өтүп жаткан кафе, ресторандар да негизинен Ош шаарында жайгашып, аларда райондордон келип тойлорду өткөрүшөт. Ысырапкорчулукка каршы чечим кабыл алууда ушуларды эске алуу зарыл. 
         Ош шаарына коңшу жайгашкан Кара-Суу району боюнча райондук кеңеш 2011-жылдын 27-апрелинде «Каада салттарды, үрп-адаттарды, ырым-жырымдарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү жөнүндө» жобо бекитишкен.
Ал жобо боюнча  мамлекеттик же муниципалдык кызматкер ишине турганына класстык чин, наам, мамлекеттик сыйлык,  окумуштуулук илимий же кесиптик даража алгандыгына, кесиптик  күнгө байланышкан расмий кабыл алууларды,   туулган күн өткөрүү ниетинде мамлекеттик мекеме-уюмдарда банкеттерди, отуруштарды уюштурууга, спирттик ичимдиктерди ичүүгө, окуу жайлардын, мектептердин, окуучулардын турмушунда мурда салтта эч болбогон убаракерчиликтерге, мамлекеттик мыйзам менен каралбаган үй-бүлөлүк бюджетке терс таасир бере турган ысырапкерчиликтерге – туулган күн, классташтар отурушу сыяктуу кечелерди уюштурууга, акча топтоп, белек алып берүүлөргө, ар кандай сүйүшкөндөр күнү сыяктуу менталитетке туура келбеген уяттуу жосунсуз жоругу бар юбилейлерди өткөрүүгө тыюу салынган. 
         Элдик салтта орду жок, кийинки кезде ээнбаштыктан келип  чыккан жана элге тез жайылып жаткан абысындар отурушу, бажалар отурушу, туугандар отурушу, жаш келиндер отурушу, классташтар отурушу сыяктуу убаракерчиликти өткөрүү жосунсуз жорук катары  саналары белгиленген.
Мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери 50-60-65 жашка чыккандыгына байланыштуу юбилейлерди өткөрүүдө өзүнө баш ийген жетекчи кызматкерлерди чакырууга жол берилбестиги жана юбилейлер тууган-уругун, жакын санаалаштарын чакыруу менен гана өткөрүлөөрү белгиленген. Нике кыюу аземинде да чектөөлөр каралган. /йлөнүү тою бир күн ичинде, эки тараптын эсебинен 200 адамга чейин конок тосуу менен салттуу той формасында өткөрүү каралган жана ар кандай формада кайталап, ысырап кылып той өткөрүүгө тыюу салынган. 
Кудалашуудан баштап нике кыюу тоюна байланышкан бардык салтанаттарда эки тараптын туугандарына, конокторуна сый кийимдерди берүү ашыкча чыгым катары эсептелинээри белгиленген. Кыз-жигитке жана алардын ата-энелерине гана белек-бечкек, сый кийимдерди берүү болоору каралган.  
         Тойдон кийин салттык отко кирүү, кыз көрдү, төркүлөтүү сыяктуу кечелер өз ыктыярлары менен эки куданын үй-бүлөсүнүн арасында 15 тен ашпаган адамдардын катышуусунда өткөрүү каралган. Кыз узатууда 10-15тен ашык түрдүү кийим-кече берүүгө, кийин күйөө баланы 40 күн багууга, ар майрамдарда күйөө балага баалуу белектерди берүүгө тыюу салынган. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарына барууга 3 жеңил автомашинадан ашпаган транспорт каражаттарын колдонуу каралган жана нике күбөлүгүн тойканаларда тапшырууга тыюу салынган.
        Сөөк коюуга, аза күтүүгө байланышкан чектөөлөр да каралган. Анда сөөк коюу жана аза күтүү ырым-жырымы болуп жаткан 3 күн ичинде ири бодо мал, жылкы союуга тыюу салынган. Аза жайда союш союп, сый дасторкондорду салып, тамактанууга уруксат берилбейт. Коңшу үйдө майда жандыктан эки кой союп, алыстан келгендерди, кызмат кылгандарды, жакыр-муктаждарды тамактандырууга уруксат берилген. Сөөк коюудан кийинки болуучу үчтүк, жетилик, бейшенбилик, кырктык деген маркумду эскерүү ырым-жырымдарды тамак-аш берүүсүз, маркумга куран окуп, бата кылуу формасында өткөрүү каралган. Себет жана чай ичирүү үчүн кой алып барып, өздөрү союп жегенге тыюу салынган.
         Ажылыкка узатуу жана тосуп алуу боюнча иш чараларды үй-бүлөдө өткөрүү, зыяратка барып келгендигине байланыштуу 1 кой же 1 эчки союу менен конокторду чакыруу мүмкүндүгү каралган.
         Каада-салттарды, үрп-адаттарды, ырым-жырымдарды жана салтанаттарды өткөрүүдө ашкана-жайлардын администрациясы ушул мыйзамдагы белгиленген коноктук ченемдерди сактоого милдеттүүлүгү, тойлор, салтанаттар, ырым-жырымдар дем алыш күндөрү саат 10:00дөн 23:00гө чейин, ал эми иш күндөрү болсо, саат 18:00дөн 23:00гө чейинки мезгил ичинде өткөрүү каралган.   Айыл өкмөттөрдүн, шаар башкармасынын башчыларына, айылдык, шаардык кеңештердин төрагаларына бул жобону өздөрүнүн аймактарында эл менен талкуулап, шарттарына ылайык келтирип, жергиликтүү кеңештердин сессияларында бекитүү сунушталган. Бүгүнкү күндө коомчулукта, мындай жобо кабыл алынганы менен, иш-жүзүндө анда каралган тартип аткарылбай жаткандыгы айтылууда. 
Коңшулаш жайгашкан Өзбекстан мамлекетин ала турган болсок, анда 2020-жылдын 1-январынан тартып, көп чыгым сарпталуучу үйлөнүү тойлорун өткөрүүнү токтотуучу жаңы эрежелер мыйзам аркылуу киргизилген. 
         Эрежелерди бузган той ээлерине жана кафе-ресторандарга чоң суммадагы айып пулдарды салуу каралган. Өкмөт тарабынан демилгеленген мындай чараларга каршы болгондор, бул чаралар эффект бере албайт деп эсептешээрин массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Жаңы эрежелер боюнча, үйлөнүү кортеждеринде 3төн ашпаган автомобилдер болушу шарт. Ал эми тойго 250дөн ашпаган, эрте мененки ашка 300дөн көп эмес адам чакырылышы керек деп каралган.  
         Депутаттар мындай мыйзамды кабыл алуу колунда жок, каражаттары чектелген адамдардын тегеректегилердин моралдык басымы алдында карызга батууларына жол бербөө максатында  кабыл алгандыктарын айтышып, бир күндүк тойго кеткен  чоң өлчөмдөгү  чыгымды   толтуруш үчүн көп өзбекстандыктар   жылдап үйлөрүн көрбөй чет жактарда иштеп   жүрүшкөндүктөрүн белгилешкен. 
         Жаңы эрежелерге каршы болгондор, «каада-салттар өзбек маданиятынын ажырагыс бөлүгү болгондуктан, мындай чектөөлөр өтө катуу жана эффект бербей турган чаралар» деп эсептешет. Маалыматка караганда, 1998-жылы Өзбекстандын мурдагы президенти И.Каримов өтө көп чыгым менен өткөрүлгөн үйлөнүү салтанаттарына тыюу салуу жөнүндө жарлыкка кол койгон.   Бирок, бул чара эч кандай жыйынтык берген эмес. 2008-жылы ушундай эле экинчи жарлыкты да коомчулук тоготкон эмес.
Тарыхчы Р.Назаров «үйлөнүү салттарынын алдында мыйзамдар ар дайым күчсүз болот» деп белгилеген. «Анткени жагдайга обьективдүү караш керек. Тойго сөзсүз чакырыла турган бир нече категориядагы адамдар бар. 
         Алар саны бир нече жүзгө жеткен урук-туугандар, куда-сөөктөр, мурун сизди тоюна чакырган жамаатташтар, коңшулар жана кыз-күйөө тараптан чакырылган коноктор.  Ошентип, жок эле дегенде коноктордун саны 400-500гө чамалап барат», -деп белгилейт ал. 2016-жылы бийликке келген президент Ш.Мирзиеев да ушул маселени чечүүгө аракет кылган. Анын позициясы 2018-жылы жогорку чиндеги өкмөттөгү жана аймактардагы аткаминерлерге ыксыз чыгым менен өткөрүлгөн тойлорго   барууларына тыюу  салганда билинген. 
Ал өзүнүн бир сөзүндө, тойлор өткөн жайларда өкмөттүк номери менен турган машиналар көрүнсө тийиштүү аткаминер кызматтан алынаары жана жоопко тартылаары тууралуу айткан. «Ошол күнү аларды түрмөгө каматам»,- деп билдирген ал. 
Тажрыйбалуу тамадалардын айтымында, өкмөт тарабынан бул маселе, аткаминерлер өздөрү чоң тойлорду өткөрүүнү токтотушса гана чечилет. Мындай алып караганда, «негизи чоң тойлорду биринен бири жарышып өткөргөндөр, мамлекеттик чиновниктер менен ишкерлер» дешет тамадалар.   
          Жогорудагылардан улам ыксыз чыгымдарды кыскартуу абдан татаал иш экендиги көрүнүп турат.  Кыргызстанда, анын ичинде Ош шаарында деле, бир нече жүздөгөн кишилерди чакырып, чоң каражат жумшап, даңазалап той өткөргөндөр негизинен чиновниктер жана бизнесмендер эмеспи.  Аларга теңелебиз деп кур намыска алдырган колунда жоктор карызга болсо өткөрүп жатышат.  
Алардын балдарынын Россияда же Казакстанда, айлап-жылдап үйлөрүн көрбөй, ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болуп иштеп тапкан акчалары ошол бир күндүк тойлорду өткөрүүгө кетип жатат. Ошол акчаларга бир иш баштап, бизнес менен алектенсе, үй-бүлөнүн   дарамети эле жогорулабастан, мамлекетибиздин дагы социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө өбөлгө түзүлмөк. 
Мындан бир канча жыл мурун Жогорку Кеңештин депутаттык тобу Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк каада-салттарды, үрп-адаттарды, ырым-жырымдарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгышкан. Тилекке каршы, бул долбоор Жогорку Кеңеш тарабынан колдоого ээ болбой, өтпөй калган.  Ал долбоордо жогорудагы Кара-Суу райондук кеңеши бекиткен жободо каралган тартиптерге жакын эрежелер  киргизилген эле.
          Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунда каралган шаардык жана айылдык кеңештердин компетенциясына алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрдү аныктоо кирген.  
          Буга ылайык, Ош шаардык Кеңеши каада-салттарды, үрп-адаттарды, ырым-жырымдарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү боюнча кандай чараларды көрсө болоорун иликтеп, жогоруда айтылган мисалдардан тышкары, башка факторлорго да туш болдук. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, аймактарда ар кандай үй-бүлөлүк каада-салттарга, үрп-адаттарга, ырым-жырымдарга жана майрамдык салтанаттарга сарпталуучу чыгымдарды кыскартуу боюнча чараларды көрүүдө ишкерлер тарабынан чоң каршылыктар болуп жаткандыгы айтылат.  Ошондуктан, аталган агенттик бул маселени шашпай, калк менен терең кеңешип, элдин, ишкерлердин дагы ой-пикирлерин угуп көрүп оптималдуу бир чечим кабыл алууну сунуштайт. 
          Ашыкча чыгымдарды кыскартуу боюнча элдин пикирин угуу максатында «ысырапкерчиликке чек коюуга кандай карайсыз?» деп коомчулуктун сунуш- пикирлерин күтөбүз. 
P.S: Ой-пикирлерди калтыруу үчүн төмөнкү дарекке жазсаңыздар болот. oshkenesh@gmail.com
Ош шаардык Кеңеши
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)