Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы болуп өттү

Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы болуп өттү

30 март 2023, Четверг
488
0

      2023-жылдын 30-мартында Ош шаардык Кеңешинин кезектеги 17-сессиясы болуп өттү.

Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Назылбеков Салман Сатыгулович сессияны ачып, жаңы депутаттык мандат алышкан Биздин Кыргызстан депутаттык фракциясынын мүчөлөрү Ормонова Жамал Аккозевнаны, Колдошев Бекболот Келдибековичти жана Абдыманапов Медербек Арстанбековичти депутаттарга тааныштырды.


       Андан соң бекитилген күн тартибине ылайык 11 маселе каралды.

Алар төмөндөгүлөр:

“Улуу Жибек жолун жандандыралы” Ош шаарын 2023-2026-жылдарга социалдык экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасы, Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө, Ош шаарында калктын саламаттыгын сактоо боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө, Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 27- сентябрындагы №75 “Ош шаарынын аймагындагы кээ бир көчөлөргө аталыштарды ыйгаруу жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө, “Ош шаарынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалыкты сактоо эрежесин” бекитүү жөнүндө, Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 27- сентябрындагы “Ош шаарында ташылып чыгарылган катуу тиричилик калдыктарын жайгаштырууга жаңы полигон куруу үчүн эски полигонду рекультивациялоого кредит алууга макулдук берүү жөнүндө” № 72 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө, Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө, Ош шаардык Кенешинин 2023-жылдын 14- февралындагы “Ош шаарынын 2023-жылга бюджетин жана 2024-2025-жылдарга пландык көрсөткүчтөрүн бекитүү жөнүндө” №117 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө, Ош шаарындагы кээ бир географиялык объекттерге аталыштарды ыйгаруу жөнүндө, Ош шаарындагы айрым жолдорду тартипке келтирүү жөнүндө, Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.


   Каралган ар бир маселе кызуу талкууланып, депутаттар тарабынан суроолор берилип, сын-сунуштар айтылып, тиешелүү токтомдор кабыл алынды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)