Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Урматтуу агай-эжекелер, ата-энелер! Кымбаттуу окуучулар!

Урматтуу агай-эжекелер, ата-энелер! Кымбаттуу окуучулар!

01 сентябрь 2022, Четверг
845
0

 Биз кечээ эле өлкөбүздүн Эгемендүүлүккө жеткендигинин 31 жылдыгын чоң салтанат менен белгиледик. Бүгүн болсо «1-сентябрь-Билим күнүн» жана жаңы окуу жылынын башталышын чогуу майрамдап жатабыз. 

Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан ушул удаа келген кош майрамыңыздар менен кызуу куттуктайм. Бардыгыңыздарга бекем ден соолук, окуу-тарбия иштериңиздерге чоң-чоң ийгиликтерди каалайм. 

Жылдан-жылга мектепке окуймун деген балдардын саны өсүп жатканы, жаш жеткинчектердин көздөрүнөн билинип турат. Шаарыбызда, республикабызда өткөн олимпиадаларда, кароо-сынактарда жеңип чыккандардын алды болуп, ал жетишкендиктерге мектеп мугалимдериокутуунун заманбап ыкмалары колдонулуп, тарбиялык иштер туура жолго коюлганда гана окуучулардын, мугалимдердин ысмы дайыма аталат.

 Демек, мындан улам мектептерде Урматтуу агай-эжекелер, мектеп окуучулары азыркы заманыбыз илимдүүлөрдүн, билимдүүлөрдүн заманы.

Мамлекетибиздин күч кубаттуу болушу жаштарыбыздын сабаттуу, билимдүү болушуна байланыштуу. 

Биринчи кезекте, үй-бүлөөдөгү таалим-тарбия, тартип жана көзөмөл болуусу абзел.

Ал эми терең билим алуу мына ушул мектептен башталат. Ал үчүн мектептердин материалдык – техникалык базасы да чың болушу тийиш. 

Мектепте компьютердик класстар, «акылдуу доска», интернет, жана башка заманбап техникалар менен билим жана тарбия берип жаткан мугалимдерге ыраазычылык айтышыбыз керек.

 Эл аралык уюмдар менен ар түрдүү багытта долбоорлор жазылып алгылыктуу иштер алып барылып жатат. Бирок, дагы да заман талабына ылайык жабдуулар менен камсыз болушу керек деп эсептеймин. 

Бул маселелер шаардык Кеңештин депутаттарынын дайыма көңүлүнүн борборунда болот, бул багытта дайыма жергиликтүү бийлик, сиздер менен биргеликте кеңешип иш алып барабыз. 

Баарыңыздарды дагы бир жолу жаңы окуу жылыңыздар менен куттуктайм. 

Майрамыңыздар менен!              

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)