Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү белгиленди

Ош шаарында дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү белгиленди

06 апрель 2023, Четверг
451
0

     Бүгүн, 6-апрель Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Салтанаттуу аземге Ош шаардык Кеңешинин төрагасы С.Назылбеков, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров жана шаардык Кеңештин депутаттары катышышты. 


      Шаардык Кеңештин төрагасы Салман Назылбеков спортчуларды кесиптик майрамы менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан куттуктады. Төрага өз сөзүндө Кыргыз мамлекетинин атын чыгарып тааныткан, даңазалаган-бул спорт экендигин, биздин спортсмендерибиздин көп жылдан бери Дүйнөлүк, Азиялык, Республикалык мелдештерде бир топ жеңиштерди багындырышы кыргызстандыктарды сыймыктандыраарын жана кубандыраарын баса белгилеп, спорттун мыктыларын  Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйлады.




Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)