Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Урматтуу шаардыктар! Ардактуу момун мусулмандар! Орозо айтыбыз маарек болсун!

Урматтуу шаардыктар! Ардактуу момун мусулмандар! Орозо айтыбыз маарек болсун!

21 апрель 2023, Пятница
393
0


       Урматтуу шаардыктар жана шаарыбыздын меймандары!

       Ардактуу мусулмандар!

      Бүгүн жер жүзүндөгү баардык мусулмандар эң улуу майрам болгон Орозо айт майрамын чоң кубаныч, чын ыклас менен белгилеп жатышат. Ордолуу Ош шаарыбыздын эли да бул улуу майрамды жаркын маанай, ынтымак-ырашкерликте тосуп алууда.

       Орозо айт - кайрымдуулуктун, мээримдүүлүктүн, кечиримдүүлүктүн жана жаңылануунун белгиси катары элибиздин эзелтеден бери белгиленип келе жаткан майрамдарынан болуп эсептелинет. Бул күнү элибиз салт катары бири-биринин үйүнө барып, даам сызып, бата-тилектерин айтып келишет.


    Орозо тутуу - бул тазаланууга, кең пейилдикке, кечиримдүүлүккө жана боорукерликке умтулууну билдирет. Миңдеген жылдар бою орозо айында элибиз келечекке ниет кылып, Жараткандан жерибиздеги тынчтыкты, элибиздеги ынтымакты тилек кылган.

        Элибиздин дили тазарып, ниетибиз агарып, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ынтымакта жашасак, өлкөбүздүн келечеги кең болооруна терең ишенебиз. Кудай буйруса, элибиздин турмушун жакшыртууга, Кыргызстаныбыздын күч-кубатын арттырууга баардык аракетибизди жана мүмкүнчүлүгүбүздү жумшайбыз. 

      Андыктан, Бардыгыңыздарды Айт майрамыңыздар менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын жана өзүмдүн атымдан куттуктайм!

      Жараткан ар бир үйгө ден соолук, токчулук жана бакубат жашоо ыроолосун.

      Жараткан жерибизге ынтымак, тынчтык, береке, элибизге сабырдуулук, биримдик, бак-таалай берсин!

      Урматтуу мекендештер, кадырлуу мусулмандар! Бул майрам элибиздин ынтымагына, улуттар арасындагы достукка данакер болсун. Сиздерге чың ден соолук, узун өмүр, иштериңиздерге ийгиликтерди каалаймын. Жергебизде ынтымак-ырашкерлик орноп, элибиз тынчтыкта бай жана бакубат жашасын.


Айтыңыздар маарек болсун, окуган намазыбыз кабыл болсун!

Майрамыңыздар менен!





Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)