Курманжан Датканын айкелинин ачылышы болуп өттү
Бүгүн, 25-апрелде Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Орке айылында Курманжан Датканын айкелинин ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаардык Кеңешинин депутаттары катышышты.
Айкелди тургузуу иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, 2023-жылдын январь айында башталган. Айкелдин бийиктиги 2,10 метр, постаменти менен 4,20 метрди түзөт.
Курманжан Датканын айкелин тургузуу Ош шаардык Кеңешинин депутаты Бексултан Үсөновдун демилгеси менен иш жүзүнө ашырылды.
![](/uploads/posts/2023-04/medium/1682493288_02.jpg)
![](/uploads/posts/2023-04/medium/1682493338_09.jpg)
![](/uploads/posts/2023-04/medium/1682493368_05.jpg)
Талкуулоо
Окшош жаңылыктар:
Пикирлер (0)