Шаардык Кеңештин депутаттарынын ортосунда футбол мелдеши башталды
Шаардык Кеңештин депутаттарынын ортосунда футбол мелдеши башталды
Бишкек, Каракол, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Талас жана Ош шаардык Кеңешинин командаларынын ортосунда футбол мелдеши старт алды. Мелдешти Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков ачып берип, "Спорт-бул ден соолуктун булагы, спорт аркылуу биздин достугубуз бекемделип, ынтымагыбыз чыңдалат. Бүгүнкү таймашта күчтүүлөр жеңип, оюндар адилеттүү жана жогорку деңгээлде өтүшүнө тилектешмин"-деп билдирип, жалпы катышуучуларга ийгилик каалады.
Эл өкүлдөрүнүн ортосунда уюштурулган таймаш Түштүк регионалдык балдар өспүрүмдөр спорт мектебинде өткөрүлүп жатат.
Талкуулоо
Окшош жаңылыктар:
Пикирлер (0)