Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын 1-майга карата куттуктоосу

Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын 1-майга карата куттуктоосу

01 май 2023, Понедельник
444
0

Урматтуу шаардыктар жана шаарыбыздын коноктору!


Баарыӊыздарды Эмгек жана Тынчтык майрамы менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан чын дилимден куттуктайм!

Биринчи Май – баарыбыз күткөн, жан-дүйнөбүздү эргиткен, нукура элдик майрам. Тынчтыктын, Жаздын, Эмгектин символу катары бул күн муундан муунга жүрөккө сакталып келе жатат.

Бүгүн майрамдап чыккан жарандарыбыз бири-бирине тилектеш, тагдырлаш, максатташ экени сезилет. Чынында эле Тынчтык менен Эмгек – ар бир адам жашоосунда таяна турган кош дөөлөт. Ар кимибиз ак ниет эмгегибиз менен үй-бүлөбүздү, өлкөбүздү чыӊдап жатабыз.

Мамлекетибиз мээнеткеч жана ак ниет жарандарыбызды ар дайым ар тараптан камкордукка алып жатат жана урматтап сыйлап жатат. 1-Май – ошол жаратмандык менен биримдикке данакер деп эсептеймин.

Андыктан, өлкөбүздөгү анын ичинде ордолуу Ош шаарыбыздагы тынчтыкты, ынтымакты, биримдикти көзүбүздүн карегиндей сактайлы!

Баарыӊыздарга бекем ден соолук, ачык асман, бакубат турмуш каалаймын!

Майрамыңыздар менен!


Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)