Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Убактылуу комиссиянын кезектеги отуруму болду

Убактылуу комиссиянын кезектеги отуруму болду

02 май 2023, Вторник
306
0


Бүгүн, 2-май күнү Ош шаардык Кеңешинин Ош шаарынын Набережный көчөсүнүн 2 “А” дарегинде муниципалдык шартта курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү үчүн түзүлгөн убактылуу комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү.

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасынын жана “Дельта-Лот” курулуш компаниясынын өкүлдөрү катышкан бул отурумда убактылуу комиссиянын мүчөлөрү тарабынан көп кабаттуу үйдүн курулушу боюнча сын-пикирлер айтылды.

 Отурум жогорудагы даректеги курулушту жеринде барып көрүү менен улантылып, убактылуу комиссиянын кезектеги отуруму ушул жылдын 10-майында Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасынын координациялык кеңешинин мүчөлөрүнүн катышуусу менен өткөрүү белгиленди. 



Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)