Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Жаңы курулган тротуарлардын сапатын текшерүү уланууда

Жаңы курулган тротуарлардын сапатын текшерүү уланууда

11 май 2023, Четверг
353
0



2023-жылдын 10-майында Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынан жана Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрүнөн турган депутаттык комиссия тарабынан А.Масалиев проспектисинин Ы.Монуев көчөсү менен  кесилишинен Б. Нурматов көчөсүнө чейинки аралыктагы жаңы төшөлгөн тротуарлардын сапатын текшерүү жүргүзүлдү.


Жыйынтыгында, комиссия мүчөлөрү тарабынан сын-пикирлер айтылып, Ы.Монуев көчөсүнөн Ж. Шамшиев көчөсүнө чейинки аралыктагы тротуардын 10%ына, ал эми Ж. Шамшиев көчөсүнөн Б. Нурматов көчөсүнө чейинки тротуардын 60%ына канааттандырарлык эмес деген баа берилди.



Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)