Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү

Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү

16 май 2023, Вторник
274
0



Бүгүн, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы бүгүн өз отурумун өткөрдү. Отурумдун күн тартибиндеги Ош шаарынын 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча отчетту бекитүү жана “Ош шаарынын борбордук базарлар дирекциясы” жана “Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканаларынын жыйымдарынын прейскурантын бекитүү жөнүндөгү маселелер эл өкүлдөрү тарабынан талкууланып, сунуштардын негизинде сессиянын кароосуна жиберилди. 

Андан сырткары Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2023-жылдын I кварталынын жыйынтыгы менен аткарылышы боюнча Ош шаарынын мэриясынын жана Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын маалыматтары угулду.  

Жыйынтыгында күн тартибиндеги каралган маселелер боюнча отурумдун тиешелүү чечимдери кабыл алынды.



Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)