Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Жаңы курулган тротуарларды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча убактылуу комиссиянын отуруму болду

Жаңы курулган тротуарларды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча убактылуу комиссиянын отуруму болду

18 май 2023, Четверг
305
0


Бүгүн 18-май күнү, Ош шаарындагы жаңы курулган тротуарлардын сапатын текшерүү боюнча убактылуу комиссиянын  отуруму  болуп өттү. Отурумга убактылуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү мекемелер катышышты.

Убактылуу түзүлгөн комиссия 2022-жылы жаңы курулган тротуарлардын сапатын жеринен текшерүү жыйынтыгын карап жана талкуулап, ошондой эле отурумдун жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, көпчүлүк көчөлөрдүн тротуарлары  канаатандыраарлык эмес деп тапты.

Талапка ылайык эмес курулган тротуарларды кайра куруп чыгуу үчүн “Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишкасынын башчысына 60 күндүк мөөнөт берилип, жоюу иштери аткарылбаган учурда башкармалыктын башчысынын ишмердүүлүгү мыйзамда белгиленген тартипте каралат жана Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясынын кароосуна сунушталат.


Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)