Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында “Энелер күнү” белгиленди

Ош шаарында “Энелер күнү” белгиленди

19 май 2023, Пятница
252
0

     2023-жылдын 19-майында Ош шаарында “Энелер күнүнө”  арналган салтанаттуу иш чара болуп өттү.  Майрамдык салтанаттуу аземге Ош шаардык Кеңештин төрагасы     С. Назылбеков катышты. Төрага майрамдык салтанатка катышкан энелерди Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан куттуктап, өз сөзүндө“Эне үйдүн куту” деген асыл сөздөр бекеринен айтылбагандыгын, аялзатынын эң асыл мүдөөсү, аруу тилеги - үй бүлө туткасын бекем кармап, бала тарбиялап, анын ысык суугуна чыдап, эли жерин сүйгөн инсандарды тарбиялоо, мамлекетибизди, анын ичинде шаарыбызды ар тараптан өнүктүрүүгө, коомубуздун ынтымагын, достугун, ыйманын сактоого да зор салым кошуп келе жаткандыгын белгиледи.  Ар дайым  бактыбызга энелерибиздин аман болуп, төрүбүздүн көркү, үйүбүздүн куту болуп жүрүшүнө тилектештигин билдирди. 



Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)