Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында “Акыркы коңгуроо” күнү белгиленди

Ош шаарында “Акыркы коңгуроо” күнү белгиленди

25 май 2023, Четверг
299
0
 

                   

Бүгүн 25-май күнү, Кыргызстандын бардык мектептериндегидей эле, Ош шаарында да “Акыркы коңгуроо” күнүнө арналган салтанаттуу иш-чаралар болуп өттү.  Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков №17 Ю.Гагарин атындагы мектеп гимназиядагы майрамдык салтанаттуу аземге катышты. 

Төрага мектептин бүтүрүүчүлөрүн “Акыркы коңгуроо” күнү менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан куттуктап, өз сөзүндө жашоодогу эң чоң инвестиция бул  баланын билим алуусуна болгон каржылоо, бүгүнкү күндөгү замандын талабы жогорку квалификациядагы кесиптин ээси болуу экендигин баса белгиледи.  Он бир жыл бою талыкпай терең билим берген мугалимдерге, таалим-тарбия берген ата-энелерге   терең ыраазылык билдирип, келечектен көптү үмүттөндүргөн бүтүрүүчүлөрдүн тандаган жолу байсалдуу  болушуна тилектештигин билдирип, алдыңкы мугалимдерге Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталарын тапшырды. 





Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)