Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди

Ош шаарында Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди

07 июнь 2023, Среда
280
0
Бүгүн 7-июнь күнү, финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү Ош шаарында Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ш.Ш.Нурановдун, Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси А.Кубатбек уулунун жана тиешелүү жетекчилердин катышуусунда белгиленип, бул тармакта үзүрлүү эмгеги менен өзгөчөлөнгөн кызматкерлерди сыйлоо менен коштолгон иш-чара болуп өттү.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ш.Ш.Нуранов өз сөзүндө финансылык-экономикалык система өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизи болуп саналарын жана Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө финансы жана экономика кызматкерлеринин кошуп жаткан салымын баса белгилеп, жоопту иштерине ийгиликтерди каалап, бул тармакта үзүрлүү эмгеги менен айырмаланган бир катар кызматкерлерди кесиптик майрамы менен Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлады.
 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)